реклама
super.kg logo
Сиз эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы?

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Мурас-Ордодогу 13 жаштагы өспүрүмдүн мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. Баланын апасы окуя тууралуу айтып берди

 

17-мартта Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусун мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. SUPER.KG порталы жерине барганда укук коргоо органдары каза болгон баланын 10-класста окуган агасы күбө катары сурак берип жатканын билдиришкен.

Ал эми каза болгон баланын үйүнө барганда Шумкарбек аттуу тууганы алар эч кандай чырга аралашпаган үлгүлүү үй-бүлө экенин айтып, окуянын чын-бышыгын өздөрү дагы билбей турганын айткан.

Көп өтпөй аталган кылмышка шектелип, каза болгон 13 жаштагы өспүрүмдүн 2004-жылы туулган бир тууган агасы кармалып, эки айга СИЗО-1ге киргизилген.

Каза болгон баланын апасы окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Ооруйт деп аяган балам эле. Кичине урушуп койсок, оорусу кармап калат деп баарыбыз урушпай, көзүнө карап турчубуз. Мектепке 1-классынан баштап 4-класска чейин өзүм алып барчумун, кайра алып келерде байкелери барышчу. Мен балдарыма ишенем. 4 балам бар. Балдарымдын бардыгы иним ооруйт дешип жакшы карашчу, аны кошуналарым деле билет. Ортончу балам Сыймык 2004-жылы туулган, 9-классты бүткөндөн кийин окуусу онлайн болуп үйдө инисин карап жаткан.

9-класс менен 11-классты окуган балдарым кадимки режимде окуп, ошол күнү ЖРТга даярдануу тестине тапшырганы кетишкен. Мен эртең менен саат 07:30дарда жумушка кеткем, үйүмө жакын жерде эле тигүү цехинде иштейм. Күнүгө инисин балам Сыймык карап калат. Мен кетип жатканда уктап жатышкан. Берки эки балам болсо мектепке кетишкен. Күндөгү эле иш да эми.

Өзүм үйгө ар бир эки саат сайын келип кабар алып турам, ошол күнү дагы саат 9дарда балдарды бир карап коёюн деп келдим. Келгенде балдар дагы деле уктап жатышкан. Ошол бойдон жумушка барып, кайра болжол менен саат 11:30, 12лерде келдим. Келсем эшик ачык, үйдүн ичи чачылган. Биздин конушта 10 күндөн бери ууру жүрөт. Эл деле кошунамдын сыналгысын жана башка буюмдарын уурдап кетти деп айтып жатышат. Аны угуп эле жатабыз да. Анан чуркап эле балам уктап жаткан бөлмөгө кирдим, ал жак дагы чачык. Үйгө ууру кирген турбайбы деп балдарымды издеп баштадым. Ууру баламды бир чаптыбы, оорусу кармап калдыбы деген ой кетти. Көрсө, кичүү балам Максат бөлмөдө эле жатыптыр, аны төшөктөр менен жаап салган үчүн мен көрбөй калыптырмын.

Сыртка чыгып Сыймыкты издедим, көчөгө чыгып кошуналарыма барып кайра келдим. Айлам куруп үйдө отурсам, Максаттын бутун көрүп калдым, биринчи киргенде байкаган эмесмин. Үстүндөгү төшөктөрдү алсам, кан болуп жатыптыр. Союп кетти деп такыр ойлогон жокмун да. Мурду канап кетиптир деп ойлоп, баламды колума алып көзүңдү ач балам десем турбады, суу алып келейин деп жерге жаткырсам моюну кесилип кетиптир. Моюну ачык, канга боёлгон. Төшөккө көмүп салган үчүн тердеп кетиптир, баламды жерге коюп кошуналарга чуркадым. Алар болуп ооруканага алып баралы деп унаага салып жөнөдүк. ФАПка барсак, азыр "Тез жардам" чакырабыз деп токтотуп коюшту. Ал жакта 20 мүнөттөй туруп калдык, ошол жерден балабыздан айрылганыбызды уктук. Анан кайра үйгө алып келдик. Бул учурда Сыймык жок, аны алып кетишкен окшойт", - деп айтып берди апасы.

Ал эми апасы жана жакындарынын айтымында, Сыймык аттуу баласы инисин өлтүрүшү мүмкүн эмес. Бизди эч кандай суракка чакырышкан жок, 16 жаштагы балабызды милиция алып кеткен бойдон тыңыраак жолуккан жокпуз дешти алар.

"Ошентип милициялар келип, текшерүү жүргүзүштү. Кол тамгабызды алып, бизден сурабай балабызды моргго алып кетишиптир. Биз ошол бойдон Сыймыкты көргөн жокпуз, аны кармап туруп эле алып кетип калышыптыр. Ата-энеси менен чогуу сурак берип жатат деп маалымат беришиптир, жалган айтышат. Коркутушканбы билбейм, күнөөнү моюнга алып эле отуруп калды. Бейкүнөө балабыз темир тордо отурат, акыйкат тергөө күтөбүз", - деп билдирди апасы.






Өзбекстанда келин 3 кызы менен кошо поездге боюн таштады

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
24.03.2021. 17:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
372
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
11-04-2021 19:13
Жынысы:
Белгисиз
+20
Закон боюнча жашы жете элек баланы ата энесинин уруксаты жок сурака алса болобу озу, ушу милициялардын ишине да укуктук баа берилиши керек деп ойлойм
24.03.2021. 20:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-02-2019
Соӊку аракети:
12-04-2021 01:11
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш Эне Бир убакта 2баласын жоготуп олтурат, ошончо ууру чиновниктерди уй камагына чыгарганча байкуш баланы чыгарып койгула, эне деген эне да ич ичинен эзилип бүттү
25.03.2021. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
376
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
11-04-2021 14:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин милиция иштебейт вообще,оңой гана бирөөнү таап эптеп ишти жабыш керек болот. А башка өлкөлөрдө звание га жетүү үчүн жан талашып ФБР шерифтерге,шерифтер болсо ФБР ге иш бербей талашат... Анткени аларда максат,арзуу болот да. А бизге айлык болсо болду. Байкуш энеге боорум ооруйт. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуптур...
25.03.2021. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
19-10-2016
Соӊку аракети:
11-04-2021 13:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
1. Алар олукту моргго алып кеткенге укугу бар. Себеби аны изилдеш кк.
2. Жашы жете элек баланы эмнеге ата-эненин уруксаты же козомолу жок допроско алып кирип кетишет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165388;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: