реклама
super.kg logo
  Саясат  

Билим берүү жана илим министри Кембридж университетинин билим берүү боюнча улук кеңешчиси менен сүйлөштү

 

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Кембридж университетинин билим берүү боюнча улук кеңешчиси Стив Кинг менен онлайн сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын учурдагы билим берүү тутумун талкуулашты. Анын ичинде Дүйнөлүк Банк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан билим берүү долбоорлору, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөгү Кембридж университетинин ишмердүүлүгү жана аталган университеттин Кыргыз Республикасында иштөөгө даяр экендиги талкууланды.

Стив Кинг Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын баалоо жаатында кызматташууну жана министрликке кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат жөнөтүүнү сунуштады.
Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын билим берүү системине болгон кызыгуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган демилгени кубаттады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Кембридж университети тарабынан студенттерге сертификат берүүнү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165815;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: