реклама
super.kg logo

"Калкты каттоо кызматынын ишине карата көптөгөн даттануулар түшүүдө" дейт өкмөт башчы

 

Премьер-министр Улукбек Марипов каттоо кызматынын ишине карата аймактардан көптөгөн арыздар жана даттануулар түшүп жатканын белгиледи. Бул тууралуу өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунун ишин жакшыртуу жана санын көбөйтүү боюнча кеңешмеде айтты.

"Калктын муктаждыктары менен иштөөдө натыйжалуулукту жана айкындуулукту максималдуу камсыз кылуу, жүктөмдү азайтуу, мамлекеттик кызматтарды алууда жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ишине карата аймактардан көптөгөн арыздар жана даттануулар келип түшүүдө. Бир документ үчүн адамдар бир башынан экинчи четине чейин барууга аргасыз болушууда, райондордо документтерди берүүдө борборлоштуруу жок. Ошондуктан санариптик трансформациянын алкагында пландаштырылган бардык иш-чараларды тездетүү жана мурда белгиленген мөөнөттө аяктоо, инновациялык маалыматтык технологияларды киргизүү, көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу өтө маанилүү", - деп тапшырды Улукбек Марипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
166186;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: