реклама
super.kg logo
реклама

Талант Мамытов: "Заман өзгөрөт, бирок мекенди коргоонун ыйык милдети өзгөрбөстөн кала берет"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баарыбыз бул майрамды балалык кезибизден жакшы билебиз. Бул күн аскер кызматын өтөө милдети, жоокерлердин кайрат-күчү жана каармандыгы, өлкөбүздүн кызыкчылыгын жана тарыхын сыймыктанып коргоо сезимдери менен тыгыз байланышкан.

Заман өзгөрөт, бирок мекенди коргоонун жана сактоонун ыйык милдети өзгөрбөстөн кала берет. Ɵз мекенин, өз ата журтун коргоо ар бир мекенчилдин, ар бир жарандын ыйык парзы.

Ал эми 23-февраль күнү биз Улуу Ата Мекендик согуштун жана башка жоокердик аракеттердин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлерине, ошондой эле өлкөбүздүн коопсуздугун коргогон бардык адамдарга терең ыраазычылыгыбызды айтабыз!

Бул күнү биз жарандарыбыздын бейпил жашоосун жана мекенибиздин коопсуздугун сактап тургандарга, жоокердик күзөттө, Кыргыз Республикасынын армиясында кызмат өтөп жаткандарга, мамлекеттик чек араны коргогондорго терең сый-урматыбызды билдиребиз.

Бардык аскер кызматкерлерин, согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин, алардын ата-энелерин, жубайларын жана балдарын дагы бир жолу Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм. Өлкөбүзгө тынчтык, баарыңыздарга жакшылык, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.02.2021. 05:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
22-10-2020
Соӊку аракети:
06-03-2021 13:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Армияныда кучтондуруш керек озгортуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162772;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: