реклама
super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Ымыркайын сатып жиберген. Кыздын ата-энесине наристени небере кылып өткөрүп бергенбиз"

 

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.

Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальниги, милициянын капитаны Мирлан Асилов айтып берет.

Өспүрүмдөр менен иш алып барган каарманым жаш бала жоголуп кетип, табылган ар бир окуянын артында чоң эмгек жатарын айтып, кызыктуу окуялары менен бөлүштү. Кээ бир жоголуп, табылуунун артында резонанстуу кылмыштардын бети ачылган учурлар да болот дейт ал. Кээде үй-бүлө бузулбасын деп кээ бир окуяларын жашырып коёрун да айтат. Өспүрүмдөр жоголуп кеткенде алардын ата-энеси, жалпы эл деле окуяга эмес, табылганына сүйүнөт деген каарманыбыз издөө иштериндеги окуялары менен бөлүштү. Көбүнчө мектепте окуган башталгыч класстын ата-энелери баласы 1-2 саат кечигип калса, "102" кызматына чалышат, кайра бир аздан кийин балам келди деп чалып коюшат. Ар бир "102ге" чалынган чалууга жообу берилип, ал иш жабылышы керек. Ошол себептүү баласы табылса, табылды деп кагаз жазып бериңиз десек түшүнүшпөйт деп кесибинин түйшүгүнөн да кеп козгоду.

"2014-жылы болсо керек, Бишкектен бир өспүрүм кыз жоголуп кеткен. Издөө иштери жүрүп жаткан күндөрү ал кыз менен бирге башка 17 жаштагы өспүрүм кыз дагы табылып калды. Ошентип бир иштин артынан дагы башка көмүскөдө калган иш ачылган. Биз табылган өспүрүм кызды батирде жашап жүргөн жеринен көрүп, тийиштүү суроолорубузду бергенде ал окуянын чоо-жайын айтып берди. Көрсө, ал ата-энесине мен Ысык-Көлгө иштегени барып келем деп суранып үйдөн чыгып кеткен экен. Ал өзүнүн сүйлөшүп жүргөн жигитинен кош бойлуу болуп калып, ата-энесинен жашырып ичин таңып жүрүптүр. Анан 6 ай болуп калганда май айынын аягында көлгө иштеп келем деп үйүнөн кетип калган.

Кийин биз кыздын абалы менен таанышканда ал ар кимден жардам сурап, Кызыл-Аскерде 1 бөлмөлүү батир ижарага алып, ошол жерден үй шартында көз жарганы белгилүү болгон. Кыз ата-энеси билип калбасын деп жаңы төрөлгөн баласын сатып жиберген. Ал акчаны кыз болсо мына апа мен иштеп тапкам деп ата-энесине берип турган. Сатып алгандар ымыркайды Нарын облусунун Чоң-Арык айылына алып кеткен экен. Кийин кыз менен чогуу аталган айылга чейин барып, баланы алып келгенбиз. Биз кыздын ата-энесине "уул экен неберелүү болдуңуздар" деп түшүндүрүп өткөрүп бердик. Кыздын ата-энеси түшүнүү менен небересин багып алышкан. Атасы өзүнүн фамилиясын берген. Ал эми кыз менен жигиттин ата-энеси өз ара чечишип, бул маселеге чекит коюшкан", - деп билдирди ал.

Бул окуяга улай эле дагы бир позитивдүү окуя айтып берейин деди. Учурунда алар үчүн катаал иш болуп, бирок убакыт өткөндөн кийин эстеп күлө турган көрүнүштөр көп деп буларга токтолду:

"Жакында эле Жаңы жыл алдында өспүрүм кыз таштанды төгүп келем деген бойдон үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес. Анда мектеп окуучулары онлайн окуп жаткан мезгил болчу, бир сабагынан 3 деген баа алып калып, атасы оку деп урушуп коёт. Бир аздан кийин кыз таштанды төгүп келем деп кетип ошол бойдон жок болуп кеткен. Атасы кайрылгандан кийин издөөнү баштадык. Болгон камераларды карап, бизден жалпы 80дей кызматкер тартылган. Көрсө, кыз Жалдагы үйүнөн чыгып эле Магистраль көчөсүндөгү таенесине кетип калган экен. Кыз дагы таенеси дагы дайынын айтып койгон эмес. Бул кичинекей эле окуянын артында чоң эмгек жатат, издөө иштери бир күн уланган. Анан маалымат жоголду, табылды деп эле чыгат", - деп билдирди Мирлан Асилов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Акыркы кабарлар
азыр окуп жатышат
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162320;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: