Муфтияттагы чыр: Сот Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарды (сүрөт)








Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карады.
Анда сот Токтомушевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Максатбек Токтомушевге жактоочулук кылып жаткан Акин Токталиев билдирди.
Жактоочунун айтымында, прокуратура мурдагы муфтийди үй камагына алуу боюнча өтүнүч келтирген. Ал эми тергөөчү Токтомушевди 2 айга камоо өтүнүчүн келтирген.
Ошондой эле Токтомушев өзүнө коюлган айыптарды чындыкка дал келбестигин айтып, аны "чагым" деп атаган.
"Ал өзүнө тагылган айыпты "чагым" деп атоодо. Муфтийди УКМКга алып барышып, ал жактан мажбурлоо жолу менен арыз жаздырышыптыр. Ага чейин кафеге барып, чогуу тамактанышкан экен. Андан кийин "силердин банкка салган акчаңардын пайызы бар экен, ошону бизге бербейсиңерби, акчаны өзүңөргө алып калсаңар, силерге арам болот, бизге адал" дешиптир.
Анан бухгалтер акча берсе, алар "бизге акча берип жатат" деп аны камап салыптыр. Андан кийин Максатты чакырып алып "мына бухгалтериңди камадык, эми сени камайбыз, сен бизге арыз жазып бер" деп мажбурлоо жолу менен арыз жаздырыптыр ",- деди жактоочу.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле бүгүн экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.

Бирок эң өкүнүштүсү сот мурун кандай болсо ошондой калыптыр да буйрук аткармай
Баракелди эл үмүт менен шайлады эле
Эми дагын көрө жатарбыз дагын кандай нерселер болот экен
Атайын динге каршы дайындалган адамсынбы
Бирок сен динге асылганынды койсон боло.
Эч качан ислам дини адамды жаман жакка баштабайт.
Баажыны камагыла десе адашып Азиретти Аажыны камап алды байкуштар
Ак жерден жузуно коо шыбагандар эки дуйно азапталгыла!
Азыркы бийликтегилердин кээ бирлерин коргондо бок коргондой болуп калдым.