реклама
super.kg logo

ТЕСТ: Белгилүү ырчы Султан Садыралиевге күйөрман кызы унутулгус белек жасаган. Ал кандай белек экенин билесизби?

 

Бүгүн, 3-февралда популярдуу ырчы, бир катар хит ырлардын автору Султан Садыралиев 35 жашка толду. 15 жылдан ашуун убакыттан бери чыгармачылыкка аралашып келе жаткан ырчынын туулган күнүнө карата тест даярдадык. Султан Садыралиевди жана анын чыгармачылыгын канчалык билериңизди текшерип көрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

Ырчыга күйөрман кызы жасаган өмүр бою унутулгус белек?

Ырчы 2007-жылы концерт коюп, бир күйөрман кызы ага нике шакегин салган. "Белекти өмүр бою унутпасам керек. Ырдап бүткөндөн кийин эле бир кыз сахнага чыгып мени көздөй келатат. Гүл береби десем, колунда гүлү же каты жок. Бетимден өпкө­нү келатат окшойт деп жатсам эле колумду кармап туруп, нике шакегин салып жиберди", - деген ал.

Кийинки суроо


Гүл
Кат
Нике шакек

Бала кезинде тентектиги аша чаап, атасынан катуу уруш жегенде эмне кылган?

"Мен кичинекейимде өтө бейбаш, тентек бала болчумун. Үйдүн эң кенжеси болгондуктан эрке да болуп чоңойдум. Бир жолу өтө эле тентектигим тажатып жибердиби, атам мени катуураак урушуп койду. Ызама чыдабай барып, жайы бою кыйналып жыйнаган чоң үймөк чөпкө өрт коюп жибердим. Андан кийин токмок жегенимди көрө бергиле", - деген маектеринин биринде.

Кийинки суроо


Ызаланып ыйлаган
Үймөк чөптү өрттөп жиберген
Домбрасын талкалаган

Домбраны канча жашында колуна кармаган?

Султан Садыралиев төрт жашынан тарта домбра чертип, той-топурларда, мектептеги кечелерде ырдай баштаган.

Кийинки суроо


6 жашында
4 жарым жашында
4 жашында

Таласта жашап жүргөндө кайсы Эмгек сиңирген артист менен кошуна болгон?

Султан Садыралиев ата-энеси, бир тууганы менен Таласта жашап жүргөн кезде Кайрат Примбердиев кошунасы болчу. Ал Султанга “сен казаксың!” деп тийишип, кези келсе мушташып жүрүп кийин жакын досторго айланып кетишкен.

Кийинки суроо


Кайрат Примбердиев
Мирбек Атабеков
Алина Жетигенова

Балдар менен ойноп жатып домбрасы тебеленип сынып, ыйлаганда ырчы... ?

Ырчы маектеринин биринде "10-классымда балдар менен ойноп жатып домбрам тебеленип сынып калган. Ошондо кадимкидей көзүмө жаш алып ыйлагам", - деген.

Кийинки суроо


4-класстын окуучусу болчу
10-класстын окуучусу болчу
9-класстын окуучусу болчу

Султан Садыралиев колуна норкозсуз операция жасаткан. Себеби?

Ырчы 10-классында күрөш боюнча мелдешке чыгып, сол колун эки жеринен сындырып алган. Ошондо “балдарды көп урчумун, Кудай мени жазалады” деп ыйлаган. Тентектигине ачууланган атасы “бейбаштын колун наркозсуз операция жасагыла” деп дарыгерлерге уруксат берген.

Кийинки суроо


Атасы ачууланган
Зарылдык болгон эмес
Операция жасатуудан корккон эмес

Ыр жаздырганга акчасы жетпей ортодон акча чыгарып ким менен дуэт аткарып чыккан?

Ыр жаздырганга акчасы жетпей, ортодон акча чыгарып Акбар Сүйүнбаев экөө «Махабатым» ырын жаздырышкан.

Кийинки суроо


Замир Арыкбаев
Акбар Сүйүнбаев
Чыңгыз Турдубеков

Алгачкы концертин качан койгон?

Султан Садыралиев сахнага 2006-жылы чыгып, 4 айдан кийин, тагыраагы, алгачкы концертин 1-июнда койгон.

Кийинки суроо


2008-жылы
2006-жылы
2007-жылы

Кайсы тасмада башкы каармандын ролун жараткан?

Султан Садыралиев “Достор” тасмасында башкы ролду жараткан. Кинонун башында башка образда, аягында драматизм пайда болгондо экинчи образга өтүп, алмашып аткара алган.

Кийинки суроо


Тасмага тартылган эмес
"Алыс аралыктагы сүйүү" тасмасында
"Достор" тасмасында

"Маданияттын мыкты кызматкери наамын" качан алган?

Маңыздуу ырлары менен таанылган Султан Садыралиев 2009-жылы Маданият министрлигинен “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамга ээ болуп, төш белги тагынган.

Кийинки суроо


2009-жылы
2011-жылы
2008-жылы

Ырчы үлпөт тойду балалуу болгондон кийин өткөргөнбү?

Ырчы менен жубайы Асел 1 балалуу болгондон кийин үлпөт той өткөрүп, элден бата алышкан. Тагыраагы, ырчынын ак тою 2011-жылы Казакстанда өткөн. Бул учурда түгөйлөрдүн баласына 3 ай болгон.

Кийинки суроо


1 балалуу болгондон кийин
жок
үлпөт тойду наристе күтүп жатканда өткөргөн

Репертуарындагы кайсы клиби эң кымбат тартылган?

Клип 3 айга жакын убакытта өлкөнүн жети дубанында тартылган. Анда тартуучу топ бийчилерди кошкондо 500 адам жети облусту кыдырышкан. Бийчилер атайын Кытайдагы кыргыздарга барып, кыргыз бийин туура бийлөөнү үйрөнүп келишкен. Клипти тартууга 50 миң долларга жакын каражат сарпталган.

Кийинки суроо


"Кыргыз бийи"
"Таарынба"
"Ыраазымын сага"

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
03.02.2021. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
17-05-2020
Соӊку аракети:
19-09-2021 09:53
Жынысы:
Белгисиз
-3
03.02.2021. 21:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
19-09-2021 12:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул ырчынын ырларына такыр кызыкпайм деле. Бирок тесттен отуп коеюн дедим. Коп суросуна туура эмес жооп бердим. Менин жердешим болот. Апасы казак кызы ,атасы кыргыз . Бирок казакмын дегени жакпайт. Урук тууган,улут Ата жагынан эсептелетко. Же атасын тоотушпацбы
Nina.alex түзөттү 2021-02-03 21:23:46
04.02.2021. 00:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
21-02-2015
Соӊку аракети:
19-09-2021 01:46
Жынысы:
Белгисиз
0
65 упай. Туулган күнүңүз менен Султан мырза.
04.02.2021. 07:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
07-06-2013
Соӊку аракети:
01-03-2021 10:28
Жынысы:
Белгисиз
-3
75 упай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176343;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: