реклама
super.kg logo
реклама

УКМК Мухаммедкалый Абылгазиевдин мүлктөрүн көрсөттү. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

 
Бүгүн, 27-январь, күнгө шаршемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды
Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кармалганы белгилүү болду.
УКМК Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганын билдирип, ага тиешелүү мүлктөрдү көргөздү.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болгон.

Ошондой эле УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйткөн деп айыптоодо. Аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган. Мындан улам ал кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп аталган мекеме жүйөө келтирүүдө.

Жогорку Кеңеш жаңы вице-спикерлүү болду

Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.

Бул кызматка эки талапкер аттанышкан. "Ата Мекенден" Нурбек Сыдыгалиев 77 добуш алса, "Өнүгүү-Прогресстен" Улан Исмаилов 38 добуш алды.

Буга чейин вице-спикер болуп келген Мирлан Бакиров кызматынан кеткен.

Сыдыгалиев кесиптештерине ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин аброюн көтөрүүгө аракет кыларын билдирди.

"Мага ишеним көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем. Жогорку Кеңештин регламентин кынтыксыз аткарууга, парламенттин аброюн көтөргөнгө бардык аракетимди жумшайм", - деди ал.

Нурбек Сыдыгалиевдин өмүр баяны менен ушул шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.

"Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылганына ким күнөлүү?"

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканына ким күнөөлүү экенине кызыкты.

Эл өкүлүнүн суроосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов: "БШКнын токтомунда күнөлүү дегендер жок. Кайрылуулар, көптөгөн мыйзам бузуулардын негизинде чечим кабыл алынды. Мамлекеттик органдарга биз тараптан суроо-талап жөнөтүлгөн. Бул партия күнөлүү деп чечим чыккан эмес", - деп жооп берди.

Дастан Бекешев изилдөө иштери бүтө электигине байланыштуу бул мыйзам долбоорун кароону токтотуп турууну сунуштады.

Ал эми Кожобек Рыспаев парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышына күнөлүү партияларга күрөө кайтарылып берилбеши керектигин айтты.

"Эмне үчүн мыйзам бузган партиялардын күрөөсү кайтарылып берилиши керек? Ошолордун айынан шайлоо таанылбай жатат. Күнөөсү бар партиялар экинчи жолу шайлоого бара албайт деген, Конституциялык мыйзамда бар. Мыйзам долбооруна күнөлүү деп табылган партиялардын күрөөсү берилбеш керек деген сунушту киргизсек кандай болот?" - деп сурады депутат.

Жогорку Кеңеште шайлоолор жараксыз деп табылган учурда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлердин тизмесин киргизген саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүүгө багытталган, мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Улугбек Ормонов биринчи окууда мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берүүнү суранды. "Бир партия күнөлүү деп соттун чечими менен айтсак болот. Экинчи окууга сунуш бергиле, талкуулайбыз", - деди ал.

Ак үйдүн алдында депутаттарды тарап кетүүгө чакырган митинг болуп өттү

Ак Үй алдында тынчтык митинги болуп өттү. Митингге чыккандар Жогорку Кеңеш тарасын деген талап менен чыгышкан. Арасында мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине катышуусуна каршы болгондор да бар.

"Садыр Жапаров, депутаттарды кетириңиз, ушунча жыл чыдадык, дагы 3 ай чыдайбыз. Жаңы жүздөрдү алып келгиле, элдин алдына алып чыгып тааныштырып, эл менен кеңешип таза адамдарды, акчага алданбаган жаштарды шайлагыла жана ошолорго мыйзам жаздыргыла. Депутаттар өздөрү деле "бет чыдабай калды, биз үчүн канча адамдар кыйналып жатат" деп туруп өздөрү деле таркап кетсе болот. Арасында намыстуулар бар, алар деле "чимкирик" деген атка тааныштарыбыз арасында да көнүп бүттүк, кетсе кетебиз жатышат", - деп билдирди митингге чыккан жарандык активист Мирлан Орозбаев.

Ошондой эле ал бул митингди инаугурациянын алдында президентке бут тосуп жатат деген ойдон алыс болууга чакырып, буларга токтолду:

"Биз үмүт менен чогулуп жатабыз. Атайын биз инаугурациядан кийин эмес, иш-чара өтөөр алдында чыгып жатабыз. Андан кийин жамандык болбосун, ага чейин биз оюбузду билдирели деп чыктык. Суукка карабастан ар кайсы облустан келишти. Жогорку Кеңеш тарайт деген үмүт бар. Биздин үнүбүз жетсе, балким, ант берүү аземи бүткөн соң 1 жумадан кийин тарап кетишет", - деп билдирди ал.

Ак Үй алдына чогулган аз сандагы жарандар элге батасын берип, өлкөдө тынчтык болсун деген тилектери менен тарап кетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.01.2021. 18:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
443
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
26-02-2021 22:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемпиримдин журогу
0
Соке деп плакатка жазып алган аял аял эмес эшек экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162157;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: