Борбор калаада 70 жыл мурун алгачкы троллейбус каттамы өз ишин баштаган
Бишкекте 1951-жылдын 13-январында биринчи троллейбус каттамы өз ишин баштаган. Бул боюнча шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, троллейбус каттамдарынын ишке киргизилген учурдагы жалпы узундугу 8,4 чакырым, шаарда 4 гана троллейбус болгон. Алар бир жыл иштегенде үч миңден ашуун жаранды ташышкан.
"70 жыл мурун айдоочу Николай Тагильцев биринчи жолу жапжаңы MTB-82D троллейбусунун рулуна отуруп, Фрунзе атындагы темир жол бекети - Свердлов көчөсү (азыр Илимдер академиясынын жанындагы шакек) маршруту боюнча айдаган.
Азыркы учурда Кыргыз троллейбус башкармалыгы муниципалдык ишканасында 673 кызматкер иштейт. Анын ичинде 25 жылдан ашык иштеген 100дөн ашуун "Эмгек ардагерлери" бар.
2020-жылы 17 миллиондон ашуун жүргүнчү тейледи", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
