super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт. "Бейпил" деген сөздүн мааниси пилдер менен байланыштуубу?

 

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик гимнинин текстинде кездешкен "бейкут" деген сөздүн маанисин түшүндүрүп берди.

Эске салсак, 2012-жылдын 27-декабрында Жогорку Кеңеште мамлекеттик гимнинин текстин жана мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, гимндеги “бейкуттук" деген сөз кошулган куплет кыскартылган.

Бей. Мааниси - жок дегенди билдирет. Иран тилинен кирген. Негизи "бей" деген сөз уңгунун алдына коюулучу префикс катары колдонулат. Мисалы: бейкут, бейажал, бейпил, бейрасмий.

"Бейкут" деген сөздүн мааниси Юдахиндин сөздүгүндө "спокойный", "безмятежный" деп которулган.

Бей-иран.именное отрицание не,без.(К.К.Юдахин"Кыргызча-орусча сөздүк",123-бет). Мисалдар: бейтааныш, бейбаш, бейкүнөө, бейжай, бейкабар-кабарсыз, бейкапар-капарсыз, бейкам-камсыз, беймаал, бейкүнөө, беймаза, бопа-опасыз дүйнө, бейпай, бейсарамжал, баалай, бейтааныш, бейтап-табы жок оору; бейыйман-ыймансыз. Бейкут-спокойный, безмятежный. М: Бейкут турган Гүлай чочуп кетти (Юдахин,КОС,1-том,125-бет). Бейпил-благоденствие, покой, спокойствие. М: бейпил жай-тихое, спокойное место (125-бет).

Эл арасында бул сөз илгертен эле колдонулуп, оң маанини билдирген. Кыргыз тилинде бей кошулган сөздөр оң маанини да, кээде терс маанини да берет. Мисалы: бейажал деген сөз "күтүүсүз өлүм" деген маанини билдирет. Дагы бир мисал: бейадеп - бул адеби жок, адепсиз дегенди түшүндүрөт.

"Бейпил" - бул сөз бизде оң мааниде колдонулуп жүрөт. Илгери пилдер келип тынч жашап жаткан элдин турак-жайын бузуп, бүлүк салып кетчү экен. Пил жок, тынч мезгилди адамдар бейпил деп атап алышкан экен деген божомолдор айтылып жүрөт.

"Жалпысынан алып караганда "бей" деген префикстин сөздүн алдына кошулуп жазылышы түрк тилдерине мүнөздүү эмес. Анткени бул орус тилиндегидей приставка болуп жатпайбы. Кыргыз тилинде уңгунун алдына префикс келбейт. Бирок бизде "бей" ден башка дагы "на" деген префикс колдонулуп жүрөт. Мисалы: натура" , - дейт профессор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159281;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: