Нуржигит Кадырбеков: "Фонограмманы токтотуп, жандуу үн менен ырдоо керек"
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков фонограмманы токтотуп, жандуу үн менен ырдоо керектигин жергиликтүү маалымат каражаттардын бирине айтып өттү.
"Сахналарды ачып бердик. Эми бир өзгөрүү менен чыксак. Фонограмманы токтотуш керек да. Бул талапты коюп жатабыз, бирок акырындык менен ишке ашырабыз го. Жол-жобосун карап жатабыз. Мисалы, бир концертте 2-3 ырыңды жандуу комуз же гитара менен ырдап бер дегендей кылабыз го. Андан кийин акырындык менен жандуу эмес, фонограмма кыла турган болсо ырчыларга эмес, ошол мекемени ижарага бергендерге чара көрүш керек. Анткени ырчылар эркин, аларга кандай чара көрөсүң? Мекемелер программасын, репитициясын карап, ошондон кийин гана уруксат бериши керек.
Бизде таланттуу кыздар, балдар аябай көп. Жандуу үн менен ырдашы керек. Бул өтө маанилүү нерсе. Бул маселени жобо даярдап көтөргөнү жатабыз", - деген Нуржигит Кадырбеков.

Антпесе ырдаганы деле, аңгыраганы деле ырчы болуп кети башың айланат!
Кимиси ырчы,кимиси чоорчу дегендей баш аламан!
Бир жерин кысып олтуруп калгандыр, чакчаңдап жатты эле