2021-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 миллиард 700 миллион сом багыттоо пландалууда
2021-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 миллиард 700 миллион сом багыттоо пландалууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
4-декабрда "Социалдык фонддун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" жана "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү.
"2021-жылы Социалдык фонддун бюджети бардык кирешелери менен 62 миллиард 496 миллион сом болууда. Жалпы чыгымдары 62 миллиард 448 миллион сомду түзүүдө. Келерки жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 38 миллиард 181 миллион сом түшүшү пландалды. Ал эми республикалык бюджеттен 24 миллиард 94 миллион сом түшүшү каралууда. Аны менен катар пенсияларды жогорулатууга 510 миллион сом каралууда. Сөөк коюуга жөлөк пулдарды төлөө үчүн 373 миллион 800 миң сом бөлүнүп жатат", - деп жазылат маалыматта.


