super.kg logo

Менин жерим: Венгрлер жердеген айтылуу Чоң-Алайдын Кара-Мык айылы тууралуу баян

 

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айыл аймагында жайгашкан Кара-Мык айылы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, климаты, элдин чарбачылыгы жөнүндө SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Арууке Камалидинова баяндап берди.

Кара-Мык айылы Ош шаарынан 350 чакырым, райондун борбору Дароот-Коргон айылынан 45 чакырым алыстыкта. Айыл деңиз деңгээлинен 2 миң 100 метр бийиктикте жайгашкан. Түштүк Батыш тарабынан Тажикистан Республикасынын Жерге-Тал району менен чектешет. Кара-Мык айылында 570 кожолук бар, калкынын саны 3 миң 700. Райондо кыш 6 айга чейин созулат.

Сакталбай калган же изилдене элек тарыхый шаарча

Биздин айылда бизге чейин кимдер жашаган. Эмне себептен Кара-Мык болуп аталып калган. Азыркы күнгө чейин кандай тарыхый мурастар сакталып калды, бул тууралуу маалымат алыш үчүн аксакалыбыз, айылыбыздын тарыхын изилдөөчү Зайнал Мамажунусов агабызга атайын барып маектештик.

-Саламатсызбы Зайнал ага? Айылыбыздын тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз.

- Бул жерде жашаган калк "фарс" тилинде сүйлөгөн болсо керек деп ойлойм. Кээ бир тарыхый жерлерибиз фарс тили менен аталып калган. Алардын бири "Чар-дөң". Фарс тилинен которгондо төрт дөң дегенди түшүндүрөт. Чар-дөңдө аскерий базасы, жана жер астында зынданы да болгон. Бүгүнкү күндө бир гана оюлган жер калды, калган жерлер эгин айдоо болуп кеткен. Негизинен айтып олтурсам өтө көп, маанилүүсү чындыкка жакыныраагы ушулар.

Биздин айылда бизге чейин "мык" деген эл жашаган. Чогулткан маалыматтарыма караганда,булардын түбү венгрлерге барып такалат. Президентибиз Венгрияга барганда,Венгриянын президенти "биздин ата-бабаларыбыз Орто Азиядан келишкен" деп айтты го. Алардын биздин айылда коргон менен тосулган ордосу болгон. Мусулман эмес калк болгон деп ойлойм. Себеби бир эки жерден сөөктөрүн казганбыз, биз мусулмандар сөөктү көмгөндө башын түндүккө каратабыз, булар ар кандай көмүшкөн. Дыйканчылыгы өтө күчтүү өнүккөн, суу чыгарган каналдары бүгүнкү күнгө чейин бар. Дыйканчылыктан сырткары темир устачылык, зергердик менен алектенген. Ошол жерлерден үй меши, жез, жана башка ошол учурга тийиштүү буюмдар азыркы күнгө чейин табылып келет. Ордонун айланасын "Жерге-Тал" деген суу менен курчаган.

Өзбекстандын Самарканд шаарында бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген тарыхый объекттериндеги жука, чоң кыштар (кирпич) бизде азыр да бар. Кайсы жылдары экени так эсимде жок, мен 1954-жылкымын. Биздин бала кезибизде айылга Плоцких, Кычанов деген экспедиттер келген. Алардын изилдөөсү боюнча бул жерде жашаган калк тонолгон, өрттөлүп жиберилген деген маалымат бар. Кечээ кийин эле мен атайын кызыгып издеп көрдүм "На крыше мире" деген китепте да учкай айтылып өткөн. Бизден сырткары Орусия Краснодардын жака белинде Стовраполдо, "Кара-Мык" деген эки чоң айыл бар. Тажикстандын Жерге-Тал районунда да "Кара-Мык" деген айыл бар.


-Маегиниз үчүн чоң рахмат. Айылыбыздын тарыхы сиздей аталарыбыз аркылуу унутулбай муундан-муунга өтсүн.

Кызыл-коргон азыр эгин айдоо жери болуп калган

Айланасы суу менен курчалган

Шаардын этине тең Чоң-Алай картошкасы

Учурда Чоң-Алай районунда картошка терүү иштери кызуу жүрүүдө. Быйыл жылдагыга салыштырмалуу картошка кандай болду. Бул тууралуу айыл тургуну Камалидин Акылбеков агабызга жолугуп, кепке тарттык.

-Саламатсызбы?

-Саламатчылык.

-Кырманынызга береке!

-Рахмат! Үйгө киргиле, чай ичели.

-Рахмат! (Чоң-Алай эли "меймандос" деген сөз жөн айтылбаптыр)

Быйыл картошканын түшүмү жылдагыга салыштырмалуу кандай?

-Бизде көпчүлүгү картошка менен тиричилигин кылат эмеспи. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл элдин баарында эле жакшы, Кудай буйруп акчасы жакшы болуп берсе эми.

-Канча жерге картошка эккенсиз?

-80 сотых.

-80 сотыхтан канча түшүм алдыңыз?

-20 тоннага жакын. Мен эккен урук "желе" деп аталат. Чоң-Алайга чипсы чыгаруучу же картошканы кайра иштетүүчү заводдор курулса дедик эле, бирок Чоң-Алайдагы биз эккен картошканын сорту ашкана үчүн экен, чипсыга болбойт дейт. Районубуздан чыккан жеке ишкер Германиядан урук алып келип, райондун баарын бир сортко өткөрөлү деп жатат. Алдын алып эгип көрдү.

-Картошканы кароо түйшүгү кандай?

-Азыр жеңил, мурда баарын колдо кылчубуз. Азыр эккени деле, тергени деле трактор менен.

-Бир эле катошка эгүү менен алектенесизби?

-Жок, биздин айыл Чоң-Алайдагы башка айылдардан климатыбыз менен айырмаланып турабыз. Бизде алма, өрүк, гилас, карагат айтор көпчүлүк жемиштер бышат. Андан сырткары ар бир үй-бүлөдө жок эле дегенде он беш, жыйырмадан кой, 4-5тен уйлары бар. Байларыбызда койдун саны 500дөн өйдө.

-Сизде малдын саны канча?

-Менде 60тай кой, 7 уй бар.

-Рахмат, ишиңизге ийгилик!


Ар бир улуттун маданияты анын тарыхый-географиялык шарттарына, басып өткөн жолуна, дүйнө таанымына жана башка ар кандай жагдайларга көз каранды. Ар бир элдин маданияты анын ички маңызын, дүйнөгө болгон көз карашын жана мамилесин туюндурат. Маданият элдин жүзү эмеспи. Биздин айылда маданият үйүбүз жараксыз абалда. Айылдык маданият үйүбүз бир эле биздин айылга эмес, биздин айыл өкмөттөгү 5 айылга кызмат кылчу.

Чечилбеген аймак, берилбеген чек ара статусу

Биздин айылдагы эң эле чөң көйгөй чек ара. Дээрлик баары мал баккандыктан жайыт маселеси дайыма жаралат. Тагыраагы ата-бабаларыбыз колдонуп келген жайыттар учурда Тажикстандын карамагында. Чек ара боюнча айыл аксакалы, мурунку бизге тиешелүү аймакта мал кайтарып чоңойгон Шермамат Идирисов агабыз менен маектештик.

"Негизги эле маселе жайыт эмес, ата-бабаларыбыз мекендеген жерди урпакка кемитпей өткөрүп берсек"

Чек ара боюнча айтсам 10, 15 жыл мурда азыркы Булактан, тескей тарабы Таш деген жерден бул жагына биз пайдаланып келгенбиз. Колхоз арпасын эгип жүргөн. Андан кийин союз таркап, чек ара менен чоңдорубуздун иши болбой Тажикстанга өтүп кетиптир. Жайыт бизде өтө чоң көйгөй. Мал өткөрүп барганда тутуп кетет, малыбызды айдап кетет, дарексиз жоголгондору болот. Бул боюнча айыл эки өкмөткө, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, депутаттарга кайрылдык. Макул, чечебиз дейт, капа кылбай сүйүндүрүп кетет. Бирок, ушул күнгө чейин жыйынтык жок. Район боюнча калктуу пункттардын экинчи орунда биздин айыл турат.

Азыр эл мурункудан байыды, мал көбөйгөн, жайыт жетишпейт. Негизги эле маселе жайыт эмес, ата-бабаларыбыз мекендеген жерди урпакка кемитпей өткөрүп берсек. Кошуна айыл жакта Бугу-баш деген жайлообуз бар. Азыр ошол жакты колдонуп жүрөбүз. Анын да көпчүлүк бөлүгү Тажик тарапка өтүп кеткен. Чек арадан жабыр тарткандар көп. 5,6 жыл алдыңкыны айтсак, кой кайтарып жүргөн окуучу баланы тутуп алып барып, мылтык менен коркутуп кыйнаган. Ал бала мага кошуна. Өткөн жылы да 3 балабызды кармап, сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2 күндө бошоткон. Кошуна айылыбыз Кара-Тейиттен көзгө атар мергенибизди чек арага жакын аймакта атып салып, аны менен чогуу жүргөн эки баланы тутуп кеткен. Ал экөөнүн айтуусу боюнча тозоктогу күндү көргөзүптүр. Менде так маалымат жок, менин көз карашымда мурда биз пайдаланып жүргөн миң гектарга жакын жер коңшу өлкөгө өтүп кеткен. Азыр да ошол өтүп кеткен аймакта Сулайман дегендин тамы турат, алма багы турат.

Биздин аксакалдарыбыз ошол жерде жашап, колхоздун арпасын карап, түшүмүн алат элек дейт. "Термечиктин рабаты"- деген рабат болгон. Илгертен бери эле биз пайдаланган аймак болгон. Союз тарагандан бери ушул көйгөй. Жергиликтүү активист өткөн жылы Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиеваны алып келди. Чечип беребиз деп кетишкен. Азыр жооп жок. 1872-жылы Фергана губерниясынын губернаторы генераль М.Д.Скобелев, Бухара эмири Музафар пааша менен суйлөшүү жүргүзгөндө, азыркы Тажикстандын таможня жайгашкан жердеги суудан берки өрөөн бизге караган.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнө көп кайрылдык. Бир да жыйынтык жок. Азыр чек ара боюнча эч кандай иш-аракеттер болбой жатат.

Өкмөттөн айыл элинин атынан суранат элем, мурунку чек арабызды кайтарып, айылыбызга чек ара статусун берсе деп.


Эшен ата күмбөзү


Тилек баатыр күмбөзү.

Эшен ата жана Тилек баатыр күмбөзү айылыбыздын тарыхый мурасы.

Онлайн окуудан тажаган окуучулар мектеп аянтчасында.

Айыл өкмөтүбүздүн имараты

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз. Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
29.11.2020. 14:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
13-02-2018
Соӊку аракети:
19-01-2021 18:18
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мыкты репортаж болуптур
30.11.2020. 00:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
07-05-2020
Соӊку аракети:
20-01-2021 03:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне Баткендиктерче жоксуңар ошончо жерди алдырып ийипсиңер, Тажиктер менен урушуп талашып биздин жер деген бир эле аял бар Баткенде аты чыккан Көк -Таш айылында, айыл башчы Разия эже! Ошол эже кармап турат аял башы менен жерди коруп, эркектер дайыма даяр ошол эже менен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159465;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: