Жалал-Абад шаарына 570 орундуу мектеп жана бала бакча салынат





Жалал-Абад шаарына 570 орундуу мектеп жана бала бакча салынат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
"Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев, вице-мэр Руслан Алтымышев, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев баштаган жергиликтүү эл өкүлдөрү "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Саид Баюми менен жолугушту.
Буга чейин тараптардын ортосунда шаардын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу тууралуу сөз жүргөн. Аталган кайрымдуулук борбор жаңы мектеп, бала бакча, социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга турак-жай, мечит куруп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаңы имарат тургузмай болду.
Жергиликтүү бийлик социалдык имараттардын курулуусу үчүн шаардан жер бөлүп берүүнү колго алып, жаңы курулуштардын долбоору даярдалууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2021-01-25
16:36
2021-01-25
16:34
2021-01-25
16:28
2021-01-25

13:01
2021-01-25
12:56
2021-01-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.