super.kg logo

Министрлик: "Бир жылда Орусия Кыргыз өлкөсүнө окуу боюнча 370тен 400гө чейин квота бөлөт"

 
Бүгүн, 27-ноябрда Билим берүү министрлигинде чет өлкөдө окуу программалары боюнча маалымат жыйын өттү.

"Бүгүнкү күндө министрлик чет өлкөлөргө кыргыз студенттерин бир канча макулдашуулар менен жөнөтөт. Азыр бизде бир нече өлкөлөр менен билим берүү тармагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Алардын ичинен 8 мамлекет бар. Беларусь, Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Латвия, Орусия, Тажикстан жана Түркия. Мындан тышкары министрлик дагы бир нече европалык өлкөлөр менен келишимди кабыл алуу боюнча жумуштарды жүргүзүп келүүдө. Алардын ичинде Грузия, Малайзия, Япония, Словения, Болгария, Чехия, Дания, Франция жана башкалар бар.
Бир жылда Беларусь өлкөсү окуу боюнча 10го чейин квота бөлөт. Казакстан 5 орун алмашат. Бирок эмки жылга 10 орун болору күтүлүүдө. Кытай Эл Республикасына 2 келишим менен кетире алабыз. Анда 70 орун бөлүнөт. Орусия бизге эң көп квота бөлөт. Алар 370тен 400гө чейин орун бөлөт. Ал эми Түркия 80ден 100гө чейин квота бөлүп берет. Бүгүнкү күнгө чейин ушул келишимдердин негизинде биздин жарандарыбыздан окуп келе жаткан же окуганын билдирип келгендердин саны 400 миңден ашуун", - деди Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана салымдарды тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
27.11.2020. 20:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1240
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
25-01-2021 08:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылына 500,600 орун болсо каяктагы 4жүз миң туура малымат бергилечи.
27.11.2020. 20:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
12-01-2020
Соӊку аракети:
13-01-2021 12:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Jelezo, сен туура окубайсынбы? Буга чейинкиси торт жуз деп турат ошондо жылына 500,600 да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159829;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: