super.kg logo

Алма сатып элдин аёо сезимин ойготкон 73 жаштагы карыя жашоо турмушун баяндайт (видео)

 
Тагдыр адам баласынын башына кандай гана сыноолорду салбайт. Бүгүнкү каарманыбыз Бишкек шаарынын четиндеги Таш-Мойнок айылынын 73 жаштагы тургуну Мустафа Бектенов. Ал өмүрүнүн 20 жылдан ашуун убактысын заводдо инженер болуу менен өткөргөн. Учурда шаардын ар кайсы көчөлөрүнө чыгып, алма сатып, күн өткөрөт. Буга чейин карыянын сүрөтү интернет тармагына тарап, көпчүлүктүн ага болгон аёо сезими ойгонгон.

Бир кездеги инженер

Өзүм Бишкекте төрөлгөнмүн. Мектепти аяктаган соң армияга барып, жигиттик парзымды аткарып келдим. Келгенден соң техникумда окуп, инженер-конструктор кесибине ээ болдум. Жыйырма жылдан ашык ар кандай заводдордо инженер болуп иштедим. Пенсияга чыккандан бери алма сатып жашоомду өткөрүп жатам.

Аксаган турмуш

Эки кыз, 1 уул, 6 неберем бар. Биринчи турмушумдагы кызым азыр эки баласы менен менин үйүмдө жашайт. Калгандары ар кайсы жерде батирде турушат. Алма сатып, тапкан акчама керектүү нерселерди алып, балдарыма жардам берем. Мамлекеттен 6 миң сомго жетпеген пенсия алам. Бирок ал акча дары-дармегиме кетет. Кызым дагы пандемия күчөгөндөн бери иши жок үйдө отурат. Алардын кем-каржысынын баары менин мойнумда.

Талашка түшкөн үй

Жашап жаткан үйүм атамдан калган. Ал согуштун ардагери болчу. Мен аскерден келип, ушул үйдү өзүм салганмын. Кийин атамды дагы өзүм карап жүрдүм. Атам көзү тирүүсүндө үй сага калат деп айтып калчу. Ал учурда мен үйгө тиешелүү эч кандай документ жок экенин билбептирмин. Атам өлбөчүдөй эле жүрө бериптирмин. Атам каза болгондон кийин бир тууган иним мага айтпастан, үйгө документ жасатып, уулуна жаздырып алыптыр. Иним экөөбүз ушул үйдү талашып, бир топ жылдан бери урушуп келебиз. Анын өзүнүн үйү бар. Шаардын ичинде атамдан калган батирди да ошол алган. Атамдын барында тил кат жаздырып албаганыма өкүнөм.

Мустафа ата менен үйүнө барганыбызда авариялык абалдагы, шарты начар үйгө күбө болдук. Эки бөлмөлүү чакан үйдүн бир жагында карыя өзү, бир бөлмөсүндө кызы балдары менен жашайт экен.

кошулду





Алма саткан атанын аянычтуу жашоосу

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.11.2020. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
377
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
19-01-2021 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+17
3 уйу туруп уй талашкан иниси вообще эле бет жок экен да.Жогорку кенештин анча мынча депутаттары бул байкенин инисине Караганда беттуроок окшойт.
25.11.2020. 20:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
07-05-2012
Соӊку аракети:
19-01-2021 21:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Astana
+26
Келгиле туугандар ушул байкеге жардам берели коп тукурсо кол болот коп кором ушул байкени кыйналып жашайт
26.11.2020. 14:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
17-06-2020
Соӊку аракети:
27-12-2020 19:53
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ханституцияны коюп биринчи ушулардын маселесин карабасынарбы. Жанагы олтуром, жарадырам, айрыйм силерди, арматурма менен барып башынды экиге болом деп кыйкып жаткан турмочу Садыр Жапаровтун фанаттары эмнеге ушундайга келгенде ички адамдык сезиминер ойгонбойт
asyl1998 түзөттү 2020-11-26 14:38:33
26.11.2020. 15:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
368
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
24-12-2020 13:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Памирлик кыргыздардын арасында ушундай адамдаргада карап койсо болот
26.11.2020. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
14-06-2019
Соӊку аракети:
20-01-2021 00:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жардамга муктаж экен. Аракет кылып Жашап журот экенда. Фонд ачкыла билгендер
SUPER.KG видео
26.11.2020. 20:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
20-11-2013
Соӊку аракети:
30-11-2020 10:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул байкени мен жакшы билем.Бул жерде Бир байкуш кылып тартып алышыптыр,ал байкуш эмес,себеби;биринчи аялы менен ажырашып,шаардагы.квартирасын аялына алдырып жиберген,андан эки кызы бар.Бир кызы аялында,экинчи кызын Мустафанын энеси уч айынан багып 17 жашка чейин чонойтуп,анан козу отуп кеткен.Ошол Арада беш аял алып баары менее ажырашып кеткен.экинчи аялынан Бир балансы Койташта турат.Учунчу аялы менен Оз энесин ургулап кордуктап он жылдын ичинде инсульт кылып олтурушкон.балдарын баккан жок.
SUPER.KG видео
27.11.2020. 07:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
20-11-2013
Соӊку аракети:
30-11-2020 10:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Они избивали свою мать,она умерла от инсульта.Мустафу сняли как бедного человека.Пусть его покораеткара матери.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159465;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: