super.kg logo

Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүмдөрү бардык мамлекеттик чек ара периметринде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Маалыматты чек ара кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.

"29-октябрда саат 20:00дөн баштап Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен кызыкчылык туудурган маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара аракетти жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чаралары күчөтүлөт.

Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагы боюнча иш сапарына чыгып, 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын түшүндүрүүдө", - дешти мекемеден.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларында кырдаал туруктуу экенин кошумчалашты мекемеден.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155983;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: