super.kg logo

Бишкекте баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды интернет аркылуу саткандар аныкталды

 

Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды интернет тармактары аркылуу саткандар аныкталып, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 267-беренесинде (Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө психотроптук заттарды Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсү менен Чүй каналынын кесилишиндеги жашыруун жайга бекитүү учурунда 1989-жылы туулган С.И. кармалган. Ага кароо жүргүзүү учурунда 1 даана таңгак табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы таңгак жалпы салмагы 37,25 грамм психикалык активдүү зат экени аныкталган.

Ошондой эле аталган фигурант баңги каражаттарды “А” пунктунан “В” пунктуна ташуу, “ЕХ.KG” аккаунту аркылуу Телеграм социалдык тармагы менен интернет дүкөнүнүн операторун аныктоо боюнча курьерлик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү, акысына электрондук капчык аркылуу акча каражат алып жүргөндүгү маалым болгон.

Кармалган жаран Орусиядан өзүнүн атына почта аркылуу жөнөтмө алгандыгы үчүн 150 АКШ доллар сый акы алгандыгы аныкталды.

Бул факт 268-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча интернет дүкөнүнө карата жүргүзүлгөн мындан аркы ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Магистраль көчөсүнөн 1998-жылы туулган А.У. кармалып, андан психотроптук активдүү зат алынган. Анын жалпы салмагы 14 граммды түзгөн. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда ал социалдык тармактар аркылуу баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Ошондой эле 1998-жылы туулган К. уулу А. аттуу жаран кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, ал жашаган дарекке тинтүү жүргүзүү учурунда 12 даана таңгак күкүм түрүндөгү күрөң түстөгү зат, ар түрдүү өңдөгү таблеткалар, компьютер жана ноутбук, банктык карталар, сим карталар табылып алынган. Алынган баңги жана психотроптук заттардын жалпы салмагы 142,26 граммды түзгөн.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, алынган баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды сатууда кылмыштык топтун кирешеси 245 миңден ашуун сомду (болжол менен 486 дозаны) түзмөк.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156378;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: