super.kg logo

"Рахмат силерге, куткаруучулар!" Оштогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өчүрүү учуру (видео)

 

Ош шаарындагы көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүү жана куткаруу иштери тууралуу видео ӨКМнын баракчасына жарыяланды.

Жарыяланган видеого интернет колдонуучулары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына ыраазычылыгын билдирип, рахмат айтып жатышат.

Видеодо куткаруучулар кичинекей наристеден тартып, чоң адамдарга чейин өрт чыгып жаткан үйдөн алып чыгып жаткандарын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-октябрда Ош шаарындагы Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан өрт чыгып, өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана оор жаракат алгандар катталган эмес. Кийин чыккан өрттүн кесепетинен 2 адам жаракат алып, алардын бири иске ууланып, ооруканага жаткырылганы маалымдалган.



Оштогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өчүрүү учуру

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.10.2020. 03:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
28-05-2020
Соӊку аракети:
04-12-2020 19:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оор экен жумушунар. Машинанарды жанылап, противогаздарды кобойтуш керек экен. Рахмат. Аллах колдосун силерди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156378;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: