super.kg logo

Элмирбек Иманалиевдин жубайы: "Ал учурдун талабына ылайык китеп чыгарам дечү, анын айтканындай жасоого аракет кылдык"

 

Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз эл артисти маркум Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи өттү. Аземге мамлекеттик кызматкерлер, өнөр адамдары, акындын жакындары жана күйөрмандары катышты.
Иш-чарада Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат айым төмөндөгүдөй ойлорун айтты.

"Элмирбек өтө чоң талант эле. Аны элибиз дагы билет. Мындай таланттын артында чоң казына калат экен. Анан өзү дагы учурдун талабына ылайык кичинекей китеп чыгарам деп айтып калчу. Өзүнүн айтканындай жасаганга аракет кылдык. Китеп 1000 нуска менен чыкты.

Ал эми экинчи китеби Элмирбектин эртең мененки баталарын камтыйт. Анын таңы телефонду алып, жакындарына таңкы бата жөнөтүү менен башталчу. Бул баталарды биз элден чогулттук. Кыргызда бата сатылбайт эмеспи, ошондуктан ал биринчи китепке белек катары кошулуп берилет. Бул дагы 1000 нускада жарык көрдү.

Эми бул кишинин арбагы ыраазы болсун. Бул менен эле бүтүп калбайт. Бул кишинин казынасы көп. Азыркы чыккан китепте поэзиясы жана ыр курак деген саптары киргизилди. Алдыда обондуу ырларын нота менен түшүрөлү деген жакшы оюбуз бар", - деди акындын жубайы Нурзат айым.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
27.10.2020. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
25-08-2019
Соӊку аракети:
04-12-2020 18:33
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эхх кайран Элмирбек байке элдин куйормандарыныздын журокторун эзип кеттиниз ээ. Дагы деле ичибиз ачышат бейиштен элинизге бата тилеп жургондурсуз бейиш бар экени чын болсо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156378;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: