super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы консулдугунун кызматы жүрөк өйүтөт" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Кылымбек Мырзагулов аттуу жаран кайрылды. Ал "Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы консулдугунун кызматы жүрөк өйүтөт" деп өзү күбө болгон окуяны баяндап, кат жиберген.

"Кыргыз өлкөсүнөн балдарыма паспорт алып, Орусияга балдарымды алып келиш үчүн келгем. Анда нотариалдык келишим жөнөтүш керек болуп, Москва шаарындагы консулубузга бардым . Орусиянын нотариустарынан жасаш үчүн ар бир документтин котормосу керек, ошондуктан көп чыгым кылбайын деп консулубузга бардым. Эртең менен саат 09:05те барсам, 100гө жакын адам бар экен. Көпчүлүгүнүн паспортунун мөөнөттөрү бүтүп баргандар. Паспорт 45 күндө бүтөт экен, анын баасы 5 миң рубль.

Кечээ жазылып кеткен адамдар бүгүн да кезекте турат. Кайран кыргыз элим жаш балдары менен барган жарандарыбыз да көп. Эл көптүгүнөн узун кезек жана тыгын орун алган.

Нотариалдык бөлүмдө эч ким жок, дароо эле кирдим, документтерди тапшырып, терминалга акча төктүм. Ушул жерде элдин үстүнөн булар бизнес жасап жатабы деген ой келет экен. 1 паспорт 5000 рубль,1 ишеним кат 3 миң 852 рубль. Эмне үчүн паспорт 5000 рубль жана 45 күн күтөсүң, эмнеге жеңилдик жок?

Элчиликтин өз баасыбы же сол чөнтөк барбы? Акча төлөгөн терминал өзү күмөн жаратат. Комиссиясы олчойгон коммерциялык банкка таандык. Эгер мамлекет тарабынан коюлган элчиликтин өз баасы болсо, бул өтө кымбат. Мен билген паспорт менен нотариус гана, дагы толгон-токой жумуш менен барып жатышат. Ал жумуштардын да баасы асман чапчыса керек", - деп билдирди жаран.

Бул боюнча SUPER.KG экинчи тараптын да жообун угуп жарыялоого аракет кылат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
27.10.2020. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
07-05-2020
Соӊку аракети:
20-01-2021 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура суроо берилиптир, чоң маселе көтөрүлүптүр, колдоймун! Паспорт алыш үчүн 1- күнү учётко турат экенсиң, эртеси барып паспортко тапшырат экенсиң, мен октябрьдын 6 сы тапшырдым 4 502 рубль төлөдүм, автомат услуга үчүн 45 рубль алат экен! Учётко туруш үчүн эрте мененки 10 до барып 16:30 кирдим эптеп. Ошол эле күнү кечки 22:00 очередьке жазылып келдим үйгө эртеси күнгө. Ошентип эртеси эрте менен барып саат 12: 30 кирдим, 2 күн иштен калат экенсиң, паспорттун баасы дагы кымбат!
27.10.2020. 18:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
10-06-2015
Соӊку аракети:
21-01-2021 00:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура маселе которулуптур. Телефондоруна чалсан бири да албайт. Жоопкерчиликтуу болушса жакшы болмок. Такылдатып иштеп турушса. Ар маселени оз убагында оперативдуу чечип...
28.10.2020. 13:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
133
Катталган:
15-08-2016
Соӊку аракети:
14-01-2021 07:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Посольство эмес эле пошолство го, апсыгып акча деп эле отурушат алар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159559;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: