super.kg logo

ИИМ: "БШКнын шайлоолорду өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө ИИМ кийлигишпейт жана укугу жок"

 

БШКнын шайлоолорду өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө ИИМ кийлигишпейт жана укугу жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Акыркы убактарда социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кайсы теоретиктердин БШКнын мүчөлөрү күбө катары суракка келүүлөрү жөнүндө кабарлама боюнча, андан сырткары жүргүзүлүп жаткан тергөө амалдары жөнүндө билдирүүлөрү жарыяланууда. Бул билдирүүлөр кеңири талкуу жаратып, коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат.
Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги тактоо иретинде жана туура эмес маалыматтардын жайылышын алдын алуу максатында төмөнкүлөрдү маалымдайт. Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 331-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-беренеси (шалаакылык) боюнча материал каттаган. Сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүү тапшырмасы берилген. Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык жарандар өздөрүнүн шайлоо укугун ишке ашырат жана мыйзамдардын талаптарын катуу сактоо менен шайлоого катышууга укуктуу. Бирок шайлоону даярдоо жана өткөрүү маалында көптөгөн бузуулар катталган. Бул жөнүндө маалыматтык ресурстардагы маалыматтар, укук коргоо органдарынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган материалдары тастыктайт. Шайлоо мыйзамдарын бузуу массалык баш аламандыкка алып келген масштабдуу каршылык акциясы өткөн.

Жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш БШКнын 5-октябрга чейинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу. БШКнын шайлоолорду өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө ИИМ кийлигишпейт жана укугу жок", - деп жазылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155983;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: