super.kg logo
  Саясат  

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда өлкөнүн дипломаттарын кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясаты ар дайым өзүнүн ырааттуулугу, прагматизми жана салмактуулугу менен айырмаланып келген. Дүйнөлүк процесстер убакыт өткөн сайын татаалдашып, күтүлбөгөн жерден жаңы тышкы чакырыктар жана көйгөйлөр пайда болууда. Аларды чечүүдө өлкөнүн тышкы саясий мекемесинен ыкчамдуулукту, мобилдүүлүктү күчөтүү жана салмактуу чечимдерди кабыл алуу талап кылынууда.

Бүгүнкү күндө биз Кыргыздын тарыхынын жаңы баракчасын ачып жатабыз. Элибиздин улуттук аң-сезиминин ойгонушу аркылуу бийлик мыйзамдуу жол менен алмашты. Ушул кырдаалда биздин дипломаттардан өзүнүн мыкты кесипкөйлүгүн жана мекенчилдигин көрсөтүп, тышкы өнөктөштөр менен улуттук кызыкчылыктардын негизинде ырааттуу иш алып барууга тийиш.

Быйыл дипломаттар дарыгерлер жана ыктыярчылар менен биргеликте коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө орчундуу салым кошушту.

Сиздердин аракеттериңиздер менен саламаттыкты сактоо органдарынын дареметин чыңдоого жана калктын саламаттыгын коргоого багытталган медициналык-гуманитардык жардамды Кыргыз өлкөсүнө тартууда масштабдуу иштер аткарылды.

Коронавирустун жаңы сыноолору, анын өлкө экономикасына жана бюджетине тийгизген кесепеттерин жоюу маселеси азыр да курч бойдон турат.

Өлкөдөгү кырдаал тышкы саясий багытта, айрыкча экономикалык дипломатияда жигердүү иш жүргүзүүнү талап кылууда.

Азыркы шарттарда республикага жаңы инвестицияларды тартуу сиздердин ишиңиздердин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болушу керек.

Дипломатиялык кызматтын ардагерлеринин жаш адистерди тарбиялоого кошкон салымы баа жеткис. Кыргыз дипломатиясынын тутумунда жогорку квалификациялуу дипломаттардын жаңы мууну калыптанды. Алар ардагерлердин тажрыйбасын алып, илимди өздөштүрүп, эл аралык аренада өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоону улантууда.

Динамикалуу өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө биздин дипломаттар Кыргыздын атын татыктуу таанытууда.

Биз ар дайым сиздердин кесипкөйлүк, эмгекчилдик, чынчылдык, ишке берилгендик жана иш билги сапаттарыңыздарга ишеним артабыз.

Дипломатиялык кесип коом ичинде дайыма жогору бааланып келет, мунун өзү мамлекетибизде дипломатиялык кызматтын маанилүүлүгүн тастыктайт.

Мындан ары дагы өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуп, дипломатиялык чөйрөдөгү жаңы ийгиликтерге жетишесиздер деп терең ишенем.

Бардык кызматкерлерге, ошондой эле дипломатиялык кызматтын ардагерлерине бекем ден соолук, бакыт-таалай, талыкпас күч-кубат жана жаңы жетишкендиктерди каалайм.

Кыргыз мамлекетинин бакубатчылыгы үчүн аткарып жаткан ишиңиздерди ийгиликтер коштосун", - деп жазылат куттуктоодо.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
154749;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: