super.kg logo

Вице-премьер ЖАМК техникалык жабдууларды заман талабына жооп бериш керектигин белгиледи

 

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Степное айылындагы аялдардын №2 түзөтүү мекемесине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборунун иши менен таанышты.

Вице-премьер-министр түзөтүү мекемесиндеги аялдардын жашоо-шарты жана андагы өндүрүш тилкесин көрдү. Муну менен катар соттук-укуктук реформанын алкагында мекеменин планына ылайык салынып жаткан объектинин курулушу жана реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Ошондой эле Максат Мамытканов соттолгон аялдарды кайра коомго көндүрүү максатында түзүлгөн түзөтүү колониясындагы "Таза аймак" реабилитациялык борборунда болду.

Андан соң вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборунун иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, борбор Кыргыз Республикасынын бардык түзөтүү мекемелеринин аймагында коопсуздук системасын көзөмөлдөөнү жана өтө кооптуу жагдайларга автоматтык түрдө көз салуу менен ага жооп кайтарууну ишке ашыруу үчүн ведомстволук мекемелерде абалга борборлоштурулган ыкчам байкоо жүргүзүү максатында түзүлгөн.

Түзүлгөн борбордун негизинде соттолгондор тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын азайышына, ошондой эле мекемелердин кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттерин сапаттуу аткаруу деңгээлинин жогорулашына жетишилгендиги белгиленди.

Вице-премьер-министр соттук-укуктук реформанын алкагында жасалган иштерге оң баасын берди. Мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы техникалык жабдууларды заман талабына жооп бериш керектигин белгиледи.

"Тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө жогорку технологияларды киргизүү мамлекеттик түзөтүү мекемелеринин ишинин сапаты бир кыйла жакшыртат. Бул багыттагы иштерди улантуу зарыл", - деди Максат Мамытканов.

Вице-премьер-министр соңунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине жана өздүк курамына артыкчылыктуу тапшырмаларды берди. Ошондой эле мекеменин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Тартип Уставынын бардык нормаларын сактоого чакырды. Ал жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155983;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: