реклама
super.kg logo

ИИМдин башчысы баш аламандыкта жарадар болгон милиция кызматкерлеринен кабар алды

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өткөн аптада орун алган баш аламандыкта жарадар болгон милиция кызматкерлеринин абалы менен таанышып келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"ИИМдин башчысы бейтаптар менен өз ара баарлашып, тезирээк айыгып чыгып, кызматын өтөө үчүн жолдошторунун жанына кошулуп калуусуна тилектеш экенин билдирди. Ошондой эле бардык жаракат алгандарга тиешелүү медициналык жардамдар жана материалдык жактан колдоолор боло тургандыгына убада берди. Улан Ниязбеков кызматкерлеринин толук сакайып кетишине болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшарын айтып, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле министр бейтаптарды карап жаткан дарыгерлерге дагы ыраазычылыгын билдирип өттү" , - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, 5-6-октябрда Бишкек шаарында өткөн нааразычылык митингинин натыйжасында укук коргоо органдары менен митингчилердин ортосунда кагылышуу орун алып, андан ички иштер органдарынын 612 кызматкери ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан. Алардын ичинен бүгүнкү күндө 176 кызматкер ооруканада жатат.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153675;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: