реклама
super.kg logo

"АКНЕТ" компаниясынын президенти: "Рейдерлик басып алууга айыпталып жаткан адам камактан чыгып дароо биздин кызматты тартып алууга келди"

 

Соңку күндөрдө өлкө аймагында жетекчилик кызматтарды тартып алуу, айрым ишканаларды басып алуу өңдүү аракеттер жүрүүдө. Мындай абалга интернет таратуучу "АКНЕТ" компаниясы да туш болгонун анын жетекчилери 8-октябрда чукул маалымат жыйын уюштуруп айтышты.

Маалымат жыйынга “АКНЕТтин” президенти Нурбек Абасканов, компаниянын тең кожоюну Аскар Кутанов, аткаруучу директору Азат Базаркулов жана жактоочусу Рустам Абдурауфов катышты. Алар 6-октябрда "АКНЕТтин" мурдагы президенти тарабынан жетекчилик кызматты тартып алуу аракеттери болгонун айтышты. Айтымдарында, кызматты тартып алууга компаниянын мурдагы президенти Кубан Ажимудинов келген. Ал ошол эле күнү тергөө абагынан үй камагына чыккан дейт Абасканов.

"Адегенде анын бир тууган агасы менен карындашы 100 чакты адам менен келип, бизди кызмат ордубуздан сыртка чыгарып салышты. Алардын артынан Кубан Ажимудинов келип жамаат менен чогулуп, өзү жетекчилик кызматка жайгаша баштады. Ооба, ал компаниянын тең кожоюну, ал компаниянын кирешесинин 33,33 пайызына ээ болууга, иш менен кабардар болууга акысы бар. Бирок бул жерде компаниянын ишин аткара тургандар башка адамдар. Ал күчкө салып бизди жумуш ордубуздан чыгарып салууну көздөдү. Өзү ошол күнү бизге келгенден бир саат мурун эле тергөө абагынан үй камагына чыгыптыр. Рейдерлик басып алууга, ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же которууга айыпталып жаткан адам камактан чыгып эле кайра кызматты тартып алууга аракет жасады", - деди Абасканов.

Ал эми компаниянын жактоочусу Рустам Абдурауфов "АКНЕТтин" жетекчилик кызматтарын тартып алууну көздөгөндөрдүн артында саясий партиялардын бири турат дейт.

"Саясий партиялардын бири тең кожоюн аркылуу ишкананы басып алууну көздөп жатат. Чынында, 6-октябрь күнү айыпталуучуларды соттук органдар кандай жолдор менен бошотуп жатканын өз көзүм менен көрдүм. Алар тигил же бул адамды бошотууну талап кылган жүздөгөн адамдардан чочулап иш алып барып жатышты. Дээрлик 5 мүнөттүн ичинде эркиндикке чыгып кеткендер болду. Бул абалдан саясатка тиешеси жок башка кылмышка айыпталып жаткандар да пайдаланып, эркиндикке чыгып кетишти", - дейт жактоочу.

“АКНЕТтин” жетекчилигинин билдирүүсүнө ылайык, Кубан Ажимудиновго козголгон кылмыш иштин алкагында жүргөн тергөө иштеринин негизинде ал өлкөгө 616 миллион сомдон ашык зыян алып келген деп шектелүүдө. Мындан тышкары компанияга 325 миллион сомдой зыян алып келгенге айыпталууда. Соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

“Миллиондогон акчанын изин жашырууга айыпталып жаткан адамдын компаниянын аткаруучулук кызматын, жетекчилигин тартып алуусу кайрадан мамлекеттик бюджетке да, компаниянын өзүнө да терс таасир берет. Бул ишкана 630 адамды жумуш менен камсыздап, мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү салык төлөйт”, - дешти маалымат жыйындын катышуучулары.

Компания жетекчилигине Нурбек Абасканов өткөн жылдын 3-июнунда компаниянын 3 кожоюндун ичинен экөөнүн макулдугу менен дайындалган. Бүгүнкү күндө ишкананын мыйзамдуу президенти Нурбек Абасканов экендигин Юстиция министрлиги дагы тастыктап жөнөткөн.


кошулду





"АКНЕТ" компаниясы: "Үй камагына чыккан адам жетекчилик кызматты тартып алууга аракет жасады"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: