реклама
super.kg logo

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду

 

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) Тойота Авенсис жана Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду (1962-жылы, 1982-жылы туулган 2 аял жана 1976-жылы туулган 1 эркек киши). Мындан тышкары 5 адам жабыркады.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгон адамдардын жансыз денелери Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилди.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.09.2020. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
28-08-2018
Соӊку аракети:
08-10-2020 13:34
Жынысы:
Белгисиз
+3
шашпай уктап эс алып отургулачы унаага!!
23.09.2020. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1240
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
21-10-2020 17:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы эле степ вагон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153529;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: