реклама
super.kg logo

ТЕСТ: Эне тилибизди кастарлагандардын катарына киресизби? Анда тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз

 

Кыргыз тили - кубат күчүм, жөлөгүм,
Ата болуп, үйрөткөн жашоо өнөрүн.
Жаным бирдей, каным бирдей көрөмүн
Ал өлгөндө, мен да кошо өлөмүн.

Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз. Мындан туура 31 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили "мамлекеттик тил" деп жарыяланган. Ал кезде бул кадамга баруунун өзү чоң эрктүүлүктү талап кылган. Эне тилибиздин "мамлекеттик тил" деп жарыяланышы элибиздин чоң жетишкендиктеринин бири болгон. Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.

Анда эмесе, кыргыз тилин канчалык деңгээлде билериңизди, кадырлай аларыңызды тесттен сынап көрөлү!


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Хан, бек, кор башы... Бул сөздөр кайсы топко кирет?

Историзмдер - азыркы тилибизде сейрек колдонулган, буюм, зат, кубулуш аттарын билдирген сөздөр

Кийинки суроо


Архаизмдер
Историзмдер
Неологизмдер

Кыргыз тилинде сөз түркүмдөрү канча топко бөлүнөт?

Кыргыз тилинде сөз түркүмдөрү 12 топко бөлүнөт. Алар: зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, этиш, тактооч сөздөр, сырдык сөздөр, тууранды сөздөр, жандоочтор, байламталар, кызматчы сөздөр жана модалдык сөздөр.

Кийинки суроо


12
6
10

"Аргымактын куйругу – Бирде жибек, бирде кыл. Азаматтын жакшысы – Бирде мырза, бирде кул". Ыр саптарынан антоним сөздөрдү табыңыз.

Карама-каршы мааниде айтылган сөздөр антонимдер деп аталат. Бул ыр саптарындагы антоним сөздөр - жибек-кыл, мырза-кул.

Кийинки суроо


Куйругу кыл
Азаматтын жакшысы
Жибек-кыл, мырза-кул

Сырдык сөздөрдү белгилеңиз...

Адамдын ички сезимин билдирүүчү же айбанатка карата айтылуучу сөздөр сырдык сөздөр деп аталат. Мисалы, бали, пай-пай, баракелде, атаганат ж.б.

Кийинки суроо


бали, пай-пай, баракелде
тарс-турс, жалт-жулт, бөк-бөк
ак-кара, чү-чү, аска-зоо

Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр кайсылар?

Сүйлөм тизмегинде грамматикалык жактан өздөрү сүйлөмгө мүчө боло албаган (ээ, баяндооч жана айкындоочтун милдетин аткара албаган) жана сүйлөм мүчөлөрү менен тикеден-тике же кыйыр түрдө байланыша албаган сөздөр учурайт. Алар тил илиминде каратма, киринди жана сырдык сөздөр деп аталат.

Кийинки суроо


Антоним, синоним, омонимдер
Каратма, киринди, сырдык сөздөр
зат атооч, сын атооч, ат атоочтор

"Ким барктаса өз энесин, өз тилин, Барктай билет дүйнө элинин көп тилин". Бул ыр саптары кыргыздын кайсы чыгаан инсанына таандык?

Ким барктаса өз энесин, өз тилин, Барктай билет дүйнө элинин көп тилин. Ар улуттун энеси улуу, тили улуу, Өйдө, ылдый деп айта албайбыз эч бирин! Бул ыр саптары Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевге таандык.

Кийинки суроо


Алыкул Осмонов
Чыңгыз Айтматов
Байдылда Сарногоев

Төмөндөгү накыл сөздөрдүн кайсынысы улуу ойчул Жусуп Баласагынга таандык?

Ойчул акындын адам баласынын пикир алышуусу тил, сөз аркылуу ишке ашарын белгилегендигин төмөнкү саптарынан көрүүгө болот: "Тирүү жанга эки нерсе керектир, Бири – тили, бири –дили ак көңүл".

Кийинки суроо


Тирүү жанга эки нерсе керектир, Бири – тили, бири –дили ак көңүл.
Тили жоголгон журттун өзү да жоголот.
Эне тилим -эне сүтүм, бакытым. Эне тилим түгөнбөгөн байлыгым.

Өпкө кагуу. Бул фразеологизмдин маанисин чечмелеңиз.

Өпкө кагуу - өкүнүү, арман кылуу, катуу өкүттө калуу маанисин билдирет. М: Айша өткөн күндөрүнө саресеп салып, өпкөсүн кагып отуруп калды.

Кийинки суроо


Мактануу, дардаңдоо
өкүнүү, арман кылуу, катуу өкүттө калуу,
Өпкөнү мык менен кагуу деген мааниде айтылган

Мен турмушта сараң ачгөз эмесимин/Өктө кылып, “ай”!” аз бердиң дебесимин/Байлык, үй жай, ден солуктан ардактуу/Мага берсе, эки сабак ыр берсин… Тексттеги ката жазылган сөздөрдүн туурасын белгилеңиз.

Мен турмушта сараң ач көз эмесмин, Өктө кылып, “ай”!” аз бердиң дебесмин. Байлык, үй жай, ден соолуктан ардактуу, Мага берсе, эки сабак ыр берсин…

Кийинки суроо


саран, ачкөз, эмесмин, дебесимин
ач көз, дебесмин, ден-солуктан, эмесмин
ач көз, эмесмин, дебесмин, ден соолуктан

1924-жылдан 1928-жылга чейин кыргыз тили кайсы тамга менен жазылган?

Араб алфавитин кыргыздар 1924-1928-жылдардын аралыгында колдонушкан. 1924-жылы Орто Азиядагы элдердин улуттук чек арасы бөлүнүп, Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Ушул жылдарда араб алфавитине өзгөртүүлөр киргизилип, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык алфавиттин курамына айрым тамгалар (э,ү) кошумчаланган, кээ бир артык баш тамгалар чыгарылган.

Кийинки суроо


Араб тамгасы менен
Орхон-Енисей жазуулары менен
Латын тамгасы менен

Лексикалык мааниси боюнча эмоционалдык мазмунга негизделбеген сөздөр кайсылар?

Туура жообу: Ата-эне, китеп, мектеп. Бул сөздөр эч кандай эмоционалдык мазманга туура келбейт, жөн гана зат атооч сөздөр

Кийинки суроо


секетим, айлайын, каражаным
жубарымбек, самтыр, как баш
ата-эне, китеп, мектеп

Туура жазылган вариантты белгилеңиз...

Туура жообу: Аюу, түн бою, арык чырай, ден соолук.

Кийинки суроо


кечкурун, койон, жыңайлак, түңкү
Аюу, түн бою, арык чырай, ден соолук
Коён, жылмайуу, ишенимгат, ач көз

Кыргыз тили кылымдарды карыткан... Ырды улантыңыз

Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.

Кийинки суроо


Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан
Кыргыз тилин Манас атам байыткан
Эч бир адам колдоно албайт тарыхтан

Бири-бирине карама-каршы мааниде колдонулган макалды табыңыз...

Кийинки суроо


Баатыр — согушта, акыл —ачуу келгенде, дос — зарылдыкта сыналат.
Касыңдан бал жегиче, досуңдан суу ич
Абийирдүү жигитке, ажалдуу кийик жолугат

Чайдоос деген сөздүн маанисин чечмелеңиз...

Чай жана суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы, чоргосу бар идиш. Акыл аке сөзүн токтотту да, узун моюн чайдооско көк чай салып, оттон оолагыраак тартып.. койду (Аалы).

Кийинки суроо


Чай салына турчу идиш
Чай аралаштыра турган жыгач кашык
Чай кайнатуучу жез идиш 

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(31)
23.09.2020. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1334
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
22-04-2021 14:25
Жынысы:
Белгисиз
-8
60
23.09.2020. 14:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
09-11-2019
Соӊку аракети:
22-06-2021 14:06
Жынысы:
Белгисиз
-10
54
23.09.2020. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
11-06-2021 12:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Лос-Анджелес
-3
100
23.09.2020. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
07-06-2016
Соӊку аракети:
21-06-2021 13:20
Жынысы:
Белгисиз
-10
sary-kyz, молодец
23.09.2020. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
11-06-2021 12:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Лос-Анджелес
-13
Gisi,рахмат, Кыргыз тили сабагынан 5ке окугам деп мактана кетейин)))
Модератор admin_media түзөттү 2020-09-23 15:59:05
23.09.2020. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
11-06-2021 12:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Лос-Анджелес
-5
Автор ушундай тесттерди коптон коп кутобуз
23.09.2020. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
30-06-2018
Соӊку аракети:
26-12-2020 20:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ПОЛИТЕХ
-8
74
23.09.2020. 18:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
28-02-2012
Соӊку аракети:
22-06-2021 09:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия. Чита
-9
80
23.09.2020. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
24-02-2020
Соӊку аракети:
23-02-2021 12:19
Жынысы:
Белгисиз
-7
80
23.09.2020. 20:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
09-03-2017
Соӊку аракети:
22-06-2021 13:44
Жынысы:
Белгисиз
-8
60
23.09.2020. 20:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
21-06-2021 12:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кызыл кыя
-8
34
23.09.2020. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
12-09-2011
Соӊку аракети:
13-01-2021 15:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
87
24.09.2020. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-09-2020
Соӊку аракети:
24-05-2021 14:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ankel,плюсту еле баскам кечирес
24.09.2020. 04:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
15-03-2020
Соӊку аракети:
12-11-2020 20:12
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тестке келгендеэле сетирейип минусту баса бересинер. Плюс басыш кыйынбы шунчалык тоообаааа.
24.09.2020. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1072
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
22-06-2021 12:42
Жынысы:
Белгисиз
-5
Eminahanym,минус басса бир жериң ооруйбу? Унчукпай кете бер
24.09.2020. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
08-05-2016
Соӊку аракети:
22-06-2021 13:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
100
24.09.2020. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
16-07-2020
Соӊку аракети:
22-06-2021 14:23
Жынысы:
Белгисиз
-2
100
24.09.2020. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
09-04-2012
Соӊку аракети:
21-06-2021 11:25
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жалан минустар жайнап кетиптир го, мага да басарсынар 54...
24.09.2020. 12:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-09-2020
Соӊку аракети:
25-10-2020 19:01
Жынысы:
Белгисиз
-3
Колдон келишинче бирден минусунарды кемиттим
24.09.2020. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
22-06-2021 00:53
Жынысы:
Белгисиз
-4
67
24.09.2020. 13:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-09-2020
Соӊку аракети:
24-05-2021 14:01
Жынысы:
Белгисиз
0
80 бал жакшы елего дейм
24.09.2020. 14:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-05-2020
Соӊку аракети:
22-06-2021 11:29
Жынысы:
Белгисиз
-3
54
24.09.2020. 16:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
18-12-2015
Соӊку аракети:
23-11-2020 10:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
47
24.09.2020. 18:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-09-2019
Соӊку аракети:
22-06-2021 02:17
Жынысы:
Белгисиз
-2
100
24.09.2020. 20:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
22-03-2020
Соӊку аракети:
21-06-2021 10:57
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эркекче 47
24.09.2020. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
504
Катталган:
31-08-2017
Соӊку аракети:
21-06-2021 16:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
Меники 27 эле болду!
Бардыгына +басып чыктым бирок минус баскандар көптүк кылып кетишти!
25.09.2020. 07:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
28-03-2021 17:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
80
25.09.2020. 07:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
197
Катталган:
07-03-2017
Соӊку аракети:
22-06-2021 03:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamchybek-007,кечиресиз + тун ордуна - болуп кетти.
28.09.2020. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
21-06-2021 10:24
Жынысы:
Белгисиз
0
80
02.10.2020. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
25-09-2020
Соӊку аракети:
22-06-2021 11:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепти бутконумо 19 жыл болсо да 87 балл экен.
22.10.2020. 20:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
24-10-2020 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: