реклама
super.kg logo

Ошто коомдук жайлардын ишмердүүлүгүнө бир катар өзгөрүүлөр киргизилди

 

Ошто коомдук жайлардын ишмердүүлүгүнө бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тамактануучу жайлар саат 00:00гө чейин иштей алышат. Сейил бак ​​жана аянтчаларга иштөөгө уруксат берилбейт.

"№5 протоколго ылайык, Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабынын чечимине ылайык, тамактануучу жайлар Ош шаарында саат 00:00гө чейин иштей алышат. Аталган жайларда бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо талап кылынат.

Эскерте кетсек, буга чейин тамактануучу жайлар жана соода түйүндөрү саат 22:00гө чейин иштешкен. Ошондой эле санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө менен коомдук жайларда коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында, Навои жана Токтогул атындагы сейил бактар, жана башка эс алуучу аянтчалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилбейт. Ошону менен бирге аталган жайларда ар кандай аттракциондордун (балдар поезддери, велосипеддер ж.б.) иштешине тыюу салынат", - деп билдиришти аталган мекемеден.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
150591;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: