реклама
super.kg logo

Бишкек мэриясы: "Пандемия учурунда массалык куран окутуу кооптуу"

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы санитардык талаптарды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Маалыматка ылайык, борбош шаарда абал курч бойдон калууда. Тилекке каршы айрым ишкерлер азыркыга чейин сактык эрежесин сактабай, адамдардын өмүрүн тобокелге салып жатат.

"Жакында Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан "Нур-Суфра" тойканасынын администрациясы куран окутуу иш-чарасын өткөрүп жаткан жеринен кармалды. Албетте, эл көп чогулган жана санитардык эрежелер сакталган эмес. СЭИнин инспекторлору 293-беренеси боюнча "бузуулар" кодексинин протоколун түзүп, эки категориядагы айып пул салды.

Дем алыш күндөрү ушундай бузуулар "Улуу-Тоо" чайканасында, "Главпивтрест" кафесинде, компьютердик жана бильярд клубдарында аныкталды. 10 күндүн ичинде 80 миң сомго 20 протокол түзүлгөн. Санитардык рейддер дагы улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0 705 564 756.

Биринчи Май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
150591;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: