реклама
super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус илдетинин статистикасы тууралуу маалымат берди

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен коронавирус илдетинин статистикасы тууралуу маалымат беришти.
Жаңы типтеги коронавирус боюнча статистика ар кандай түшүндүрүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкүнү билдирет деп жазылат маалыматта.

Статистикада төмөнкүдөй көрсөткүчтөр колдонулат: «өлүм» көрсөткүчү – 1 миллион 100 миң адамга эсептелип чыгат жана «өлүм учурлары» – белгилүү бир убакыт ичинде ооруга чалдыккан адамдардын жалпы санынан белгилүү бир оорудан каза болгондордун үлүшү.

Эпидемия толук токтой элек убакта өлүм көрсөткүчтөрү тууралуу айтуу кыйын, себеби ал ооруга чалдыккан адамдарда гана эсептелет (айыгып чыккан же каза болгон), бирок илимпоздордун алдын ала берген божомолу боюнча өлүм көрсөткүчүнүн деңгээли орточо 2 пайызды түзөт.

Өсүп жаткан эпидемиянын өлүм көрсөткүчүн туура эсептөө үчүн эки олуттуу чектөөлөрдү эске алуу керек:

1. Эпидемиянын башталышында вирус жуккан учурлар көбөйүп, каза болгондордун саны бул өсүштөн 7-10 күнгө артта калат. Мындан улам өлүм учурлары чындыгында аз болуп көрүнүшү ыктымал.

2. COVID-19 менен катталган учурларга биринчи кезекте адам медициналык мекемеге кайрылууга мажбур болгон оор учурлары кирет. Бул тескерисинче иштейт мындан улам вирус жуктургандардын саны төмөн болуп, өлүм көрсөткүчү жогору болот.

Жарыялануучу статистика белгилүү бир күндү жана белгилүү убакытты каттап, маалыматтар динамикалык түрдө өзгөрүп жаткандыгын белгилейбиз.

Сыпайы салыштыруу үчүн шарттарды кармануу зарыл, ооруган учурду аныктоо ыкмасын эске алуу керек, кээ бир өлкөлөр статистиканы бириктиришти, башкалар каршы болушту – бир гана тастыкталган лабораторияны гана эсептешти. Тигил же бул өлкөнүн (өсүү, анча көп эмес, төмөндөө) эпидемиясынын кайсы стадиясында тургандыгын салыштырып эске алуу керек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2020-жылдын 7-июнунда "Медициналык күбөлөндүрүү, оорулардын эл аралык классификациясы боюнча өлүм себебин код менен белгилөө жана COVID-19га байланышкан өлүм тууралуу отчётторду берүү" жаңыланган сунушуна ылайык, мурда каза болгон учурлар кайра каралып чыккан. Ушуга байланыштуу жакын арада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны боюнча статистика кайрадан каралып чыгат.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
151537;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: