реклама
super.kg logo

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды

 

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды.

"Мен жакын арада сыйлык алам деп ойлогон эмесмин. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кеңешчиси Урмат Усенов чалып сыйлыкка көрсөтүлгөнүмдү айтты. Салттуу музыкага кошкон салымым үчүн, ошондой эле кыргыздын 300дөй баласына комуз, дастан үйрөтүү боюнча сабак бергендигим үчүн, эки жолу Түркиядан баш байге, Казакстандан баш байге алып, өлкөнүн желегин желбиреткеним үчүн, кылган эмгектеримди сырттан байкап сыйлык берүүнү чечишкен экен. Менин эмгектеримдин баарын байкап, сыйлыкка татыктуу көрүшүптүр. Ыраазымын. Кубанычтамын. Сыйлыкты алгандан кийин дагы жоопкерчилигим көбөйдү. Элге дагы жакшы тараптан дастандарды жандандырып иштегенге бел байлап калдым. Бул сыйлык устаттарымдын, кыргыз элимдин сыйлыгы десем болот", - деп Азиз Батыров SUPER.KG порталына билдирди.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
08.08.2020. 18:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
17-07-2011
Соӊку аракети:
25-09-2020 09:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Seul Korea
+3
Азасатсын Азиз сен мыкты патриот жигитсин сыйлык кут болсун Карасуунун маданият жаатында атын чыгарган озун элесин азырынча сендей азаматтар кобйсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
151537;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: