super.kg logo

"Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт". Өлкө башчысы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча айтты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта берген кезектеги маегинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу электр кубаты жетишсиз болушу мүмкүндүгү боюнча жооп берди.

Мамлекет башчысы суунун тартыштыгы бардык эле региондо байкалып жатканын баса белгиледи.

"Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына дагы суу азыраак келип калды", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Былтыркыга караганда азыркы учурда 2 миллиард 400 миллион куб суу аз экенин баса белгиледи, ошол эле маалда суу июнь менен июль айларында кирерин билдирди.

"Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Эгерде кыйынчылык болуп баратса, сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү-кар бар, суунун келиши көбөйүп, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз, буюрса", - деп жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
01.08.2020. 17:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
05-08-2020 11:42
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаан жаап суунун колому которулсо, ошол жонундо айтып коеюн деген го... Убара болбой эле койбоптур, ансыз деле билет элек)))
01.08.2020. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
273
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
05-08-2020 14:25
Жынысы:
Белгисиз
+9
Соке Жээнбеков начар президент.
01.08.2020. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
848
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
05-08-2020 15:42
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматсыз Соке санарип жонундо аяабай эле мактанып койупсун толук интервьюда бирок мобильной интернет кымбат жана копчулук айыл жергесинде слабый тартат!чындыгында 2 жыл мурда арзан болчу сенин убагында кымбаттап кетти Асылбектин тиешеси бар деп уктум интернеттин кымбатташына элин ойлогон ажо бир тууган инисин тыйып хотя бы интернетке тийишпейт болчу.
01.08.2020. 23:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
235
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
05-08-2020 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
монгу эрибесе жамгыр жаап,сел жылдагыдан коп келип жатпайбы? жылда мураптан суу сурап эле журчумун,быйыл суу кенен болду. эми мейли,сатып алчу болсо эмитен аракет кыла бербейби. качан свет очуп,тукум кыстаганда асмандагы баага сатып албай. башкалар го мейли,суунун чокусунда жашаган Кыргызстан учун ток сатып алуу деген эн уят билгенге. сатып аткандар дагы бир жери менен кулот го. АТАЛАга тиши отпогон адам алма жебей эле койсо болмок.
02.08.2020. 00:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
261
Катталган:
07-05-2012
Соӊку аракети:
02-08-2020 11:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Astana
+4
Айтамамтты кетирбесенер онолбойт сайрандап журотко жегенин корсон оозун ачылат гарантия 100%
02.08.2020. 07:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
24-03-2013
Соӊку аракети:
05-08-2020 08:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен билгенден Токтогул суу сактагычынын башчысына озбектер доля берет 1 саатка сууду полный поток ачат
02.08.2020. 07:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
05-08-2020 13:59
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озбектерге азыраак саткыла.даже алар нормальный акча деле бербесе керек.
02.08.2020. 07:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
13-08-2018
Соӊку аракети:
05-08-2020 09:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл билет суунун колому неге аз экенин себиби ачык эле сатасынар
02.08.2020. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
578
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
03-08-2020 22:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаан жакшы эле жаады го жердин баарында сел журуп анан эмнеге суу аз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148455;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: