super.kg logo

Beeline: 22 жыл Кыргызстандын рыногунда. Эмне үчүн бул жыл компания үчүн өзгөчө болду?

 

Sky Mobile компаниясы (Beeline соода белгиси) Кыргызстандын рыногунда 22 жылдык мааракесин белгилейт.

1998-жылдын 1-августунда Bitel тармагында (кийин Beeline деп аталып калган) Кыргызстандын аймагындагы эң алгачкы чалуу аткарылган. 2010-жылы компания Кыргызстан, Орусия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Грузия, Алжир, Бангладеш жана Пакистанда үн байланыш, маалыматтарды жиберүү жана кеңири тилкелүү интернет кызматтарын сунуш кылган VEON Ltd компаниялар тобуна кирген. Бүгүнкү күндө Beeline GSM-900/1800, 3G жана 4G стандарттарындагы уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүп, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын дайыма жогорулатып турат жана digital-өнүмдөргө басым жасайт.

«Быйыл биздин туулган күнүбүз өлкөбүздөгү оор мезгилге туш келди. Албетте, кандайдыр бир масштабдуу майрамдоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Анын ордуна биз өлкөгө жардам берүүгө жана майрамдоого каралган бюджетти кайрымдуулукка багыттоону туура көрдүк. Биз бул маанилүү датаны шаан-шөкөтсүз, кымбаттуу кесиптештерибиз менен онлайн түрүндө белгилейбиз», - деп айтты Beeline’дын генералдык мүдүрү Евгений Кражан.

Коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында, Beeline өлкөнүн аймактарына көңүл бурууну чечти. Биринчи кезекте, ар бири эки адамга ылайыкталган кычкылтек концентраторлору аймактык медициналык мекемелерге жакын арада өткөрүп берилет. Ошондой эле медициналык мекемелердин өтүнүчү боюнча, керектүү жеке коргонуу каражаттары, бет кап, кол кап сатып алынат жана өткөрүлүп берилет.

Буга чейин Beeline өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине 1 миллион сом которгон. Beeline’дын мамлекетке жана жарандарга жардам көрсөтүү боюнча демилгелеринин бири – дарыгерлерге, штабдардын кызматкерлерине, ыктыярчыларга даректүү жардам берүү, студенттер жана мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген тарифтерди сунуштоо. Компаниянын абоненттерине атайын сайттарды жана билим берүү ресурстарын тарифтештирүүсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгү, нөлдүк баланста өтө шашылыш чалууларын аткаруу жана коронавирус маселелери боюнча тынымсыз байланыш телефондоруна акысыз чалуу мүмкүнчүлүгү, акысыз пакеттер жана роумингдеги абоненттерге чалуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Андан тышкары SIM-карталарды жана байланыш түзмөктөрүн жеткирүү кызматы түзүлдү.

Beeline Кыргызстандын элине жардам көрсөткөн мекемелерге, ошондой эле четте турбаган жана ден соолугуна болгон коркунучка карабастан, вируска каршы алдыңкы катарларда иш алып барган жарандарга терең ыраазычылыгын билдирет.

Beeline: сизге жана жакындарыңызга кам көрүү менен!


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148857;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: