super.kg logo

Коронавирустан жана пневмониядан каза болгондорду жерге берүү эрежелери айтылды

 

Коронавирустан жана пневмониядан каза болгондорду жерге берүү боюнча бир канча эрежелер айтылды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымат таратышты.

"Дүйнөлүк саламаттыктты сактоо уюму берген расмий маалымат боюнча коронавирустук инфекциядан жана пневмониядан каза болгондордун сөөгү белгилүү бир талаптар сакталса, башка адамдар үчүн коркунучтуу эмес. Вирус тышкы чөйрөдө 3-4 саат аралыгында жок болуп кетет. Ага карабастан, бардык алдын алуу чараларын сактоо зарыл.

Эгерде адам коронавирус же пневмониядан каза болсо, эмнеге көңүл буруу керек? Эгерде адам ооруканада каза болсо, бардык тийиштүү процедуралар медицина кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Медкызматкерлер толугу менен маркумду көмүүгө даярдап, аны жууп кепинге ороп, кошумча полиэтилендик кездемеге ороп, өлүккананын короосунда эле жаназасын окушат. Ошол жерден дароо эле көрүстөнгө алып кетүү керек. Кепинге орогондон кийин, аны кайра ачып, коштошууга болбойт.

Эгерде маркум үйдөн каза болсо, санитардык дарыгерлердин айтканын так аткаруу зарыл. Ошондой эле, медициналык көрсөтмө боюнча дезинфекция процедураларын, өздүк гигиенаны сактап, бет кап жана кол кап кийүү кажет.

Башка сунуштар жана чектөөлөр:

  • эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот;
  • эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок;
  • жаназага катышуучулардын ортосунда социалдык аралык жана өздүк гигиена сакталышы кажет, бет кап кийип, аны 2 саат сайын алмаштыруу зарыл;
  • респиратордук оорулардын симптомдору бар адамдар, акыркы сапарга узатуу аземине катышпай эле койгону оң;
  • коронавирус жана пневмониядан каза болгондорду ташуу атайын адистештирилген транспорт менен жүргүзүлүшү керек;
  • маркумду коронавирус же пневмониядан көмүү үчүн салттуу түрдө жалпы көрүстөндөрдө өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.


Эгерде адам пневмониядан көз жумса, кандай эреже менен көмүү керек?

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148455;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: