super.kg logo

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Аалы Молдоканов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

 

Кыргыз эли, маданияты, кыргыз тили оор жоготууга учурады. 69 жаш курагында капилет келген оорунун айынан белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, кыргыз маданиятына эмгеги сиңген ишмер, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы, өкмөткө караштуу терминологиялык комиссиясынын мүчөсү, СССР журналисттер союзунун анык мүчөсү, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө зор салымын кошкон коомдук ишмер Аалы Молдоканов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Аалы Молдоканов 1951-жылдын 20-сентябрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөндөн кийин 1977-1979-жылдары “Кыргызстан” басмасында корректор, кенже редактор болуп иштеп баштаган. 1979-1989-жылдары “КыргызТАГ” мекемесинде редактор, котормочу болуп иштеген. 1989-1991-жылдары Бишкек шаардык аткаруу комитетинде мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 1991-2000-жылдары Жогорку Кеңеште котормо секторунун башчысы, 2000-жылдан ушул убакка чейин мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.

Аалы Молдоканов адамгерчилик ариети бийик жана таза, чыныгы интеллигент, кыргыз касиеттерин алып жүргөн адам болгон. Коомдук-саясий котормо жаатында көп жыл эмгектенип, мамлекеттик расмий документтерди кыргызчалоо иштеринин дээрлик баарына катышкан. Ал тарбиялаган котормочулар, чыгармачыл жарандар бүгүнкү күндө өлкөдөгү мамлекеттик жана коомдук мекеме-уюмдарда, айрым шакирттери жетекчилик кызматтарда талыкпай эмгектенишүүдө.

Аалы Молдоканов чыгаан котормочу, публицист жана акын-пародист катары белгилүү болчу. Ал учурдун күрөө тамырын кармаган аналитик катары кыргыздын улуттук баалуулуктары, дүйнө таанымына тиешелүү маселелери боюнча өзүнүн ойлорун мезгилдүү басылмаларга тынбай чагылдырып, өзүнө гана таандык стили бар чебер журналист катары коомчулуктун көңүлүн буруп келген. Аалы Молдоканов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, көздөгөнүн бербеген көк жал, ошол эле учурда ар бир шакиртине атадай кам көргөн боорукер жана эмгекчил инсан эле.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Аалы Молдокановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.07.2020. 17:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
04-08-2020 10:31
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Мыкты тилчи эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148455;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: