super.kg logo

"Ооруканада электр жарыгы өчүп калып, досумдун атасы өтүп кетти". Бул окуя боюнча "Түндүк электр" ишканасынын жообу

 

Кычкылтек концентратын алып жаткан бейтап ооруканада электр жарыгы өчүп калгандыктан көз жумду. Бул тууралуу маалыматты кечээ, 8-июлда социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.

Колдонуучунун айтымында, мындай учурлар үчүн стационарда генератор болгон эмес.

"Бүгүн досумдун атасы өтүп кетти. Таарынычтан өксүп ыйладым. Анткени ооруканада генератор болгон эмес, электр жарыгы өчүп калганда, кычкылтек концентратына көз каранды болгон досумдун атасы көз жумду. Анын абалы жакшы болуп бараткан эле. Өлкөнүн мындай кырдаалдарга даярдыгы жок болгону ачууңду келтирет", - деген ал.

Окуя Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде болгон деген маалыматтан улам бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасына байланыштык.

Анда мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси төмөндөгүдөй маалымат берди.

"Бишкек шаарынын аймактары боюнча пландык өчүрүүлөр болуп турат. Бирок пландык өчүрүүнүн тизмесине ооруканалар кирбейт. Ал жайлар кээ бир учурда авариялык өчүрүү орун алганда жарыксыз калышы мүмкүн. Ошондо деле дароо башка резервдик линияларга туташылат же генераторлор колдонулат. 8-июлга карата Бишкекте пландык өчүрүүлөр дагы, авариялык өчүү дагы болгон эмес. Кечээ Ысык-Ата райондук ооруканасы 15 мүнөткө жарыксыз калганы маалым", - деди басма сөз кызматынын жетекчиси.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
09.07.2020. 20:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
10-12-2013
Соӊку аракети:
04-08-2020 20:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Очуруу болбосо эмне врачтар оздору очуруп салмак беле?! Бир нерсени бир моюнга албай калдынар го. Кудай жазанарды берсин. 15 минут эмес 15 секунд баалуу болуп турган убакта эмнеге очот. Ошол нерселерди козомолдоп турбайсынарбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148455;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: