super.kg logo

С витамини - коронавируска каршы күрөшүүдө сизге мыкты дос! Аны кандай азыктардан алса болот?

 

Кытайдын Ухан шаарынан чыккан COVID-19 вирустук инфекциясы дүйнө жүзүнө тарап, элдин жашоо образын өзгөртүүгө жетишти. Окумуштуулар вируска каршы вакцина иштеп чыгуу менен алектенип жатса, дарыгерлер кулачын кеңири жайган вируска кабылган бейтаптардын өмүрү менен күрөшүп жаткан учуру. Вируска каршы вакцинанын жоктугу, ооруканада бейтаптардын көптүгүнөн орундардын дээрлик калбай калганы кооптонууну күчөтөт. Бул жагдайлар дүйнөлүк медицинанын коронавирус сыяктуу илдеттерге даяр эместигин далилдеп отурат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму берген санитардык талаптарды (бет кап тагынуу, кол кап кийүү, тазалыкты сактоо, көпчүлүккө кошулбай обочолонуу) аткарган учурда да вирус айланып өтпөй калган учурлар көп кездешип жатат. Дарыгерлер вирустан алдын ала сактануунун эң жакшы жолу - иммунитетти көтөрүү экендигин айтып келишет.

Вирустан алдын ала сактануу үчүн иммунитетти бекемдөөгө кандай азык-түлүктөрдү колдонуу керек?

Дарыгерлердин айтымында, курамында С витамини бар азык-түлүктөрдү колдонуу менен организмди вируска каршы чыңдоого болот. С витамини (аскорбин кислотасы) сууда эрүүчү витамин болуп саналат. Ал 1928-жылы ачылган, бүгүнкү күндө ал организмге эң зарыл болгон витамин болуп саналат. С витамини иммунитетти көтөрүп, организмди курч вирустук инфекциялык оорулардан коргойт.

  • Күчтүү антиоксидант. С витамини сырткы факторлордун организмге тийгизген зыяндуулугун азайтат (абанын булганышы, тамекинин түтүнү, күндүн зыяндуу нурлары жана башка);
  • Организмде темирдин сиңишин жакшыртат. С витамини азык-түлүктөн алган темир затын ичегиден канга жиберүү жана аны организмде сиңирүүдө чоң роль ойнойт;
  • Организмди бактериялык жана вирустук инфекциядан коргойт;
  • Чарчоону жазып, нерв системинин иштешин жакшыртат;
  • Терини, сөөктү, кемирчекти, тишти, кан тамырларды коргоодо активдүү иштеген коллагендин пайда болушун шарттайт;
  • Жарааттардын эрте айыгышын камсыз кылат;
  • Е витаминин калыптанышына таасир этет.

С витаминин кайсы жашылча-жемиштерден алса болот?

1. Ит мурун (шиповник)

Ит мурун элдик медицинада кеңири маалым. Аны жаш өзгөчөлүгүнө карабай, иммунитетти көтөрүү үчүн колдонуу сунушталат. Курамында С витамини көп, ошондой эле В2, К, Е, РР витамини, калий тузу, магний, кальций, темир, фосфор, алма жана лимон кислотасы, эфир майы, кант бар. 6 даана ит мурун даны организмди 119 миллиграмм С витамини менен толуктайт. Эң башкы касиети иммунитетти көтөрүп, организмдин вирустук ооруларга, сасык тумоого каршы туруусун шарттайт. Ит мурун данын таза жууп, кайнак сууга демделген ширесин ичүү керек.

2. Чычырканак

Чычырканак өзүнө А, С, Р, К, В1, В2 витаминдерин, макроэлементтерди жана минералдарды (кальций, фосфор, магний, темир, кремний, марганец) камтыйт. Ошондой эле Е витаминине бай. Ал жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Андан сырткары анда фитонцид – табигый антибиотик бар. Ал сасык тумоо, суук тийүү жана башка вирустук инфекцияларды дарылоого жөндөмдүү. Ашказан жана ичеги-карын ооруларына да колдонулат. Муну менен катар иммунитетти көтөрүүдө алмашкыс касиетке ээ. Андан кыям жасоого жана шире түрүндө ичүүгө болот.

3. Таттуу болгар калемпири

Таттуу болгар калемпири иммунитетти бекемдөөчү азыктардын бири. Себеби ал С витаминине бай. Бир болгар калемпири организмге керек болгон бир күндүк С витамининин көлөмүн камсыз кылат. Ошондой эле анын курамындагы бета-каротин менен С витамини иммундук системге, көрүүгө, териге жана углеводду азайтууну каалагандар үчүн даба.

4. Карагат

Карагаттын данынан баштап жалбырагына чейин пайдалуу. Ал иммунитетти көтөрүүгө, жүрөк-кан тамыр ооруларына, көрүүгө, муундарга табылгыс дары. Ошондой эле суук тийүүдө, сасык тумоодо колдонулат. Курамында А жана С витамини бар.

5. Киви

Орто көлөмдүү бир кивиде 71 миллиграмм С витамини бар, башкача айтканда орто көлөмдүү бир кивини колдонуу менен адамдын организмине зарыл болгон бир күндүк С витаминин толуктоого болот. Ал иммундук системди жакшыртуу менен кандагы холестириндин деңгээлин азайтат, стресске каршы да кеңири колдонулат.

6. Апельсин жана мандарин

Бир даана апельсин жеген адам 2-3 күндүк витаминдин нормасын толуктаганга барабар. Апельсин жана мандарин вирустук инфекцияларга туруштук берүүдө эбегейсиз зор ролду ойнойт. Ал эми чоң адамдар үчүн күнүнө 3-4 даана мандарин жеп туруу жетиштүү. Ошондой эле ашказан жана ичеги-карын ооруларына да пайдалуу.

7. Лимон

Лимон иммунитетти көтөрүүдөгү табылгыс даба экендиги бардыгына эле маалым болсо керек. Сасык тумоо болгондо алгач эле эсибизге лимон келет. Себеби ал айтылуу С витаминине бай. Мындан улам ал вирустук инфекцияларга каршы күрөшүүдө эффективдүү. Аны күнүмдүк турмушта чайга, кайнак сууга кошуп ичүүгө жана салаттарга кошуп, пайдалануу менен С витаминин толуктоого мүмкүн.

8. Брокколи

Брокколи дени сак жашоо образынын алмашкыс азыгы. Курамында биз сөз кылып жаткан С витамини, каротин, аминокислоталар бар болгондуктан, организмде холестириндин көбөйүүсүнө жол бербейт, ошондой эле ашказан ооруларына да пайдалуу.

9. Алма

Алма ар бир үйдө бар болгон эң пайдалуу витамин. Анда калий, фосфор, кальций, магний, натрий, темир, каротин, В1, В2, В6, РР жана Е витамини бар. Кычкыл алма С витаминине бай жана иммундук системге пайдалуу. Организмдеги токсиндерди чыгаруу ишин аткарат, ошондой эле оорудан кийин сакаюуга, табиттин калыбына келишинде өтө пайдалуу.

10. Укроп жана петрушка

Петрушка С витаминине жана А провитаминине бай. Анда татаал эфир майлары, калий тузу, натрий, кальций, магний, темир, фосфор бар. Анын жалбырагы, сабагы, тамыры да дарылык касиетке ээ. Укроп ар бир үйдө турганы менен анын пайдалуулугун көпчүлүк биле бербейт. Ал көптөгөн органикалык заттарга жана А менен С витаминине, темир, марганецке бай. Иммунитетти көтөрүү үчүн күнүмдүк тамактарга колдонуу сунушталат.

Мындан тышкары кургатылган ак козу карын, капуста, шпинат, манго, көк пияз, бүлдүркөн, ананас, коон, буурчак, курма, абрикос, авокадо, банан, шабдалы, кара өрүк, дарбыз, ашкабак, сарымсак жана кымыздын курамында да С витамини бар.

Эгерде иммунитетти көтөрүүчү азыктар тууралуу маалымат алгыңыз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
03.07.2020. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
12-08-2019
Соӊку аракети:
10-08-2020 22:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Укроп петрушка Алма Кун сайын жэлинет. Калганын алгандар алат албагандар жок
03.07.2020. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
11-03-2019
Соӊку аракети:
13-08-2020 11:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарымсак, имбирьди да кошуп койсо болмок бечараларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148921;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: