реклама
super.kg logo

Бишкекте 301. Облустар боюнча стационарларда канча бейтап дарыланып жатат? (статистика)

 

3-июнга карата өлкөдөгү стационарларда 586 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Анын ичинен 3 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 2 миң 380 адам обсервацияда калууда.

Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.

Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 856 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 546 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы 9 бейтап (Бишкекте 7, Чүйдө 2) каза болду. Калган 301 жаран дарыланып жатат.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 423. Анын 174 бейтабы облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 149у айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 22 бейтап (Араван аймактык ооруканасында 2, Алай аймактык ооруканасында 1, Кара-Кулжа аймактык ооруканасында 7, Ноокат аймактык ооруканасында 6, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 2, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 4) стационарларда калууда.

Ош шаарында 250. Анын 163 бейтабы илдеттен арылса, бешөө каза болду. Стационарларда 82 бейтап дарыланууда Ош шаардык клиникалык ооруканасында 53, Ош облустук ооруканасында 29).

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 166. Бүгүнкү күндө анын 156 бейтабы айыгып, 10 бейтап стационарларда калууда. (Аксыдагы аймактык ооруканада 2, Жалал-Абад облустук ооруканасында 8).

Нарында жалпы 381. Анын ичинен 213 жаран сакайып, үч бейтап каза болду. 165 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 125, Нарындагы үй-бүлөлүк медициналык жайында 4, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 10, Ат-Башы аймактык ооруканасында 5, Кочкор аймактык ооруканасында 21).

Баткен облусунда жалпы 30. Анын 25 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 5 жаран Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында калууда.

Ысык-Көлдө жалпы 14. Анын 13 бейтабы айыгып, 1 жаран Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканасында жатат. Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147195;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: