super.kg logo

Орусиянын элчилиги "Кант" авиабазасынын тегерегинде айтылган сөздөр боюнча түшүндүрмө берди

 

Орусиянын элчилиги Кыргыз өлкөсүндөгү "Кант" авиабазасынын тегерегинде айтылган сөздөр боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу элчиликтен маалымат таратышты.

Анда "Кыргыз өлкөсү Орусияга "Кант" авиабазасынын аймагын учуучу тилкеге жасалчу ремонт үчүн берет" деген маалымат калп экени жазылган. "Бул калп маалымат. Муну менен коомчулуктун оюн бурмалоо аракети болуп жатат. Кыргыз өлкөсүнүн аймагына Орусиянын аскер базасын жайгаштыруу боюнча 2012-жылдын 20-сентябрь күнү түзүлүп, 2019-жылы кол коюлган келишимде жазылгандай, "Кант" аэродромунда жайкы талааны Орусия тарап өз эсебинен оңдоо иштерин жүргүзө турган болсо, ал жакты жакшыртып, өзгөртүү укугу Орусия тарапта болот. Ал эми мындай туура эмес маалыматтардын чыгышы эки өлкөнүн достугун бузууга болгон аракеттер", - деп жазылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147095;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: