super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Өзбек премьер-министри Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү кечирим сураганын айтты. Бул боюнча Боронов түшүндүрмө бериши керек"

 

Депутат Закир Шарапов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзбек тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүсү тууралуу айтышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"31-майда Кадамжай районунда болуп өткөн чек ара талаш маселеси тууралуу айтып кетейин. 1-июнь күнү гана биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрдү. Андан кийин Боронов эл менен жолугушкан. Экинчи тарап Сох районунун жашоочулары менен жолугуп жатканда "Былтыр 30-августта Сох-Риштан жолунун коридорун ачтык эле эки күн иштебей жаап салышты. Ошон үчүн кыргыз өкмөтүнөн келген өкүл өзбек элинен кечирим сурады" деп айтып жатат. Биз эмнеге кечирим сураш керекпиз? Өзүбүздүн чек араны ачып, жапканга кечирим сураганга милдеттүү эмеспиз да. Арипов кыргыз тарап Өзбек-Кыргыз чек арасында Сох-Риштам жолун тез аранын ичинде ачып бергенге сөз берди деп жатат. Ушул сөздөрдү Бороновдун өзүнөн ачык-айкын уксак. Ал туура эмес маалыматтарды жокко чыгаруу үчүн кандай сөздөр болгонун айтып бериши керек", - деди Шарапов.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
146894;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: