реклама
super.kg logo

Корея Кыргыз өлкөсүнө коронавирус менен күрөшүүгө жардам катары 300 миң доллар бөлдү

 

Корея Республикасынын өкмөтү гуманитардык жардам иретинде Кыргыз өлкөсүнө 300 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, жардам Кыргыз Республикасынын COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында берилген. Көрсөтүлгөн суммага ПЦР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынган.

Мындан тышкары Корея Республикасындагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин аракеттери менен 28 миңден ашык долларга гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЦР-тесттер алынган.

"Бүгүн, 29-майда бул гуманитардык жардам Корея Республикасынан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди.

Жалпысынан 26 миң 950 ПЦР-тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү каражаттар 2 жабдык топтому менен келди", - деп маалымдашты өкмөттөн.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
29.05.2020. 16:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
06-09-2017
Соӊку аракети:
14-07-2020 18:26
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чондор суйунуп аткан кербези экен да кайсы чонтоко салышын билбей
29.05.2020. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
24-04-2016
Соӊку аракети:
02-06-2020 21:43
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өкмөт менен 120 барандар эрте эле бөлүштүрүп койушса керек.сенин доляң мынча меники мынча деп
29.05.2020. 17:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
14-07-2020 20:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Ушуну жөн эле койбоптур да, же антисептик маска жөнөтпөптүр да
Кайран чоңдордун чөнтөгү кампаят экен да
29.05.2020. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
14-07-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустарга караганда ушул корей япондор коп жардам берди бизге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147289;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: