реклама
super.kg logo

"Асырап алууга бериле турган балдардын баарынын маалыматы жайгаштырылды". Өлкөдө бала багып алууну каалагандар үчүн портал ачылды

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бала багып алуунун жол-жобосу жеткиликтүү жана бул жааттагы иштер ачык-айкын болушу үчүн атайын портал ачты. Бул тууралуу министр Улукбек Кочкоров бүгүн, 29-майда билдирди.

Анын айтымында, бул иш-аракеттер президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялагандыгынын алкагында ишке ашырылууда. Бул жарлыкта бала багып алуу тармагындагы коррупцияны жоюуга да басым жасалган.

"Министрлик бардык тармактар менен катар эле бала багып алуудагы ачык-айкындуулукту камсыздоонун үстүнөн иш алып барууда. Бала багып алууну каалагандарга жеткиликтүү маалымат берүү, багып алууга баланы тандоо, ал аралыкта жүргүзүлгөн процедуралар ачык жана ыңгайлуу болушу үчүн атайын портал ачылды", - деди министр.

Ал белгилегендей, бала асырап алууну чечкен жарандар порталга кирип, министрликтин өзү жашаган аймагындагы бөлүмүнө электрондук кат жөнөтсө болот. Ал бала багып алууга талапкер деген макамды алган соң республикадагы балдар үйүндө багылып жаткан, асыроого бериле турган балдардын маалыматы камтылган бирдиктүү базага кирүүгө уруксат алат.

"Порталда Кыргыз өлкөсүндө балдар үйүндө багылып жаткан, асырап алууга бериле турган балдардын баарынын жынысы, жашы, ата-энесинен ажырагандыгынын себептери жана башка тиешелүү маалыматтар жазылат.

Муну менен катар эле бала багууну көздөгөндөргө ыңгайлуу болуш үчүн порталды түзүүдө бардык жагдайлар эске алынды.

Мурда министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ошол региондо жашаган балдар жөнүндө гана маалымат бере алышчу. Азыр бала багууну каалагандар республиканын бардык аймагындагы балдар жөнүндө маалыматтарды биле алышат. Эгерде ата-эне болгусу келген жарандар бала менен жолугууну кааласа, алар үчүн бул мүмкүнчүлүк дароо түзүлөт. Бала багууну каалаган адам асырап алуу чечимин кабыл алса, портал 24 сааттын ичинде алдын ала айтылган чечим жөнүндө буйрукту жарыялайт", - деди Кочкоров.

Порталда төмөнкү процесстер каралган:

* бала багып алуучуга талапкер макамын алууга электрондук арыз жазуу;

* бала багып алууга талапкер республика боюнча балдар жөнүндө маалыматтар менен таанышуу;

* бала багып алууга талапкер бала менен жолугушуу өтүнүчү менен электрондук арыз жаза алат;

* бала менен жолугушуу багыттамаларын электрондук негизде түзүү;

* жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндө онлайн билдирүү;

* баланы асырап алууга электрондук уруксат алуу.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
29.05.2020. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
31-05-2011
Соӊку аракети:
02-07-2020 18:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+3
Мен кыз багып алмакмын
29.05.2020. 21:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
02-07-2020 17:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда багып алгым келет Кыз уул айырмасы жок...аларда толук кандуу уй булодо жашаганга акысы бар
29.05.2020. 23:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
26-09-2016
Соӊку аракети:
02-07-2020 16:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Порталдын адресин жазып коюшса болмок экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
146629;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: