реклама
super.kg logo

"25-майда Папан айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар жол тосушкан. Бул меселе чечилдиби?". Жооп

 

Бүгүн, 29-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынын берди.

Анда Папан айыл өкмөтүнүн тургундарынын көмүр ташуучу унааларды токтотуу талабын коюп жол тосушканы тууралуу суроо берилди. "Бул маселе эмне болуп чечилди?" деген жергиликтүү тургун.

"Биздин облуста жалпысынан 18 көмүр кенин казып иштетүүчү жер болсо, учурда анын ичинен 12си ишин баштаган. Папан айыл өкмөтүнө караштуу үч айылда асфальт жол салынган. Жергиликтүү тургундарда ал жактан өткөн чоң жүк ташуучу унаалардан асфальт бузулуп жатат деген нааразычылык болгон. Күндүн ысыганына байланыштуу чоң унаалар өткөндө асфальт жол бузулуп баштаган.

Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берип, бул меселе чечилди. Көмүр ташуучу компаниялар менен дагы сүйлөшүү жүргүзүлдү. Эми унаалар Көк-Бел жакта салынган жолдон өтмөй болушту. Негизи элдин койгон талабы туура эле болгон. Папанда болгон окуяны митинг деп айтууга болбойт, элде жөн гана маселени жеткирип коёлу деген ой болгон"
, - дейт Жылкыбаев.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147289;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: