super.kg logo
  Саясат  

Коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

 

Коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов.

"Коррупция боюнча соттолгон жарандардын Жогорку Кеӊештин депутатына шайлоого катышуусуна тыюу салуу сунушталып жатат. Ошондой эле ошол берене боюнча соттолгондордун жакын туугандары өз талапкерлигин коё алышпайт.

"Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору мамлекеттик функцияларды аткарган кызмат адамдарынын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик кызматтарда коррупцияга жол бербөө максатында иштелип чыккан",
- деп жазылат мыйзам долбоорунда.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147023;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: