реклама
super.kg logo

"Кырдаал жакшырган жок". Нарын облус башчысына Эмилбек Алымкуловго сөгүш берилди

 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго жана анын биринчи орун басары Касен Асизовго сөгүш берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ишти жетишсиз деңгээлде жүргүзгөндүгү үчүн республикалык ыкчам штабдын сунушу менен тийиштүү чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алган.

"Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык блокту тескеген орун басарынын кызмат ордуна ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушталды.

Мындан тышкары республикалык штаб Саламаттыкты сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановдун, анын орун басары Анара Калманбетованын, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаровдун ээлеген кызмат ордуларына ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушун берди", - деп айтылат маалыматта.

"Нарын облусундагы эпидемиологиялык абал боюнча статистика дурус эмес, жалпысынан 297 адамдан вирус аныкталса, анын ичинде 17си жаңы катталды. Нарын облусунда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны Ош жана Жалал-Абад облусуна салыштырмалуу жогору. Эгерде облустун жетекчилиги тийиштүү бүтүмдөрдү чыгарбаса жана абалды жакшыртпаса, анда тиешелүү чечим кабыл алынат. Эпидемиологиялык абалды оңдоо үчүн облустун бардык мүмкүнчүлүгү бар болчу. Облустук төрөт үйүндө кырдаалды жакшырткан жоксуңар.

Жаңы көз жарган аялдар ооруканадан чыгып кетүүгө аракет кылган учурларга жол берилди. Облус жетекчилиги толук киришпей, абалга тийиштүү көңүл бурбай койгон, ошондуктан, бүгүнкүдөй статистиканы көрүп турабыз. Мунун бардыгы жетишсиз иштин, зарыл болгон ыкчам чечимдерди өз убагында кабыл албоонун, жагдайга карата талаптагыдай көзөмөлдүн жоктугунан болуп жатат. Буга жол бербеш керек!" - деп баса билдирген биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймакта коронавирустун жайылышынын алдын алууда кемчиликтер кеткенин, айрым, анын ичинде кадрдык жана башкаруучулук маселелерди чечүүдөгү иштин жетишсиздигин мойнуна алды.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.05.2020. 23:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
435
Катталган:
04-12-2018
Соӊку аракети:
02-08-2020 23:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Ошондо сөгүп эле койдуңарбы?
29.05.2020. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
19-01-2016
Соӊку аракети:
03-08-2020 13:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Алымкулов иштей албайт,жөндөмү жок.
Башынан туура эмес койулган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148348;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: