super.kg logo

Коронавирустан каза болгон экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди

 

Легендарлуу парламенттин мурунку спикери Мукар Чолпонбаев бүгүн, 25-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, сөөктү жерге берүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков катышкан.

Чолпонбаев кечээ, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус инфекциясынан улам кайтыш болгон.

Мукар Чолпонбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин атынан некролог жарыяланды. Анда Чолпонбаев дасыккан юрист катары Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, көз каранды эместик декларациясын жарыялоо жараянына жана эгемен Кыргыз өлкөсүнүн алгачкы Баш мыйзамын жазууга тажрыйбалуу укукчу катары түздөн-түз катышканы айтылды.

Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган.

1976-жылы Кыргыз улуттук университетинин "Юриспруденция" кесиби боюнча билим алып, 1976-1984-жылдары Чолпонбаев Мукар Шалтакович Фрунзе шаарынын Биринчи Май районунун прокуратурасында тергөөчүлүк кызматтан өзүнүн эмгек жолун баштап, андан кийин Кыргыз транспорт прокуратурасында ага тергөөчү, Кыргыз ССРинин прокурорунун өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болуп иштеген.

1984-1991-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун юридикалык бөлүм башчысынын орун басары жана башчысы кызматын аркалаган.

1991-жылы Жогорку Советтин депутаты болуп шайланган.

1991-1993-жылдары президенттик аппараттын сот жана мыйзам чыгаруу бийликтин байланышы боюнча бөлүм башчы, Чүй облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

1993-1995-жылдары юстиция министри болуп иштеген.

1995-2000-жылдары Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, ал эми 1995-1996-жылы Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болуп шайланган.

Чолпонбаев жогорку билим берүү тармагында окутуучулук ишмердүүлүгүн улантып, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин юрист-адвокат, "Мукар жана профи" аттуу юридикалык-консалтинг компаниясынын директору болуп эмгектенди.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
25.05.2020. 15:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
720
Катталган:
03-11-2016
Соӊку аракети:
09-07-2020 22:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башка карапайымдар вирустан каза болушса туугандарын дагы катыштырбай жерге беришет дагы,чондор олсо "моколосунан"бери катышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147095;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: