super.kg logo

Коронавирустан каза болгон Мукар Чолпонбаевдин кызы: "Атам дем ала албай жатып, кете берди"

 

Коронавирус илдетинен каза болгон Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү эртең, 25-майда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Маалыматты SUPER.KG порталы маркумдун кызы Нуриля Чолпонбаевага байланышып тактады.

Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи саат 10:00дө болот. Ага жакындары катышат.

Нуриля Чолпонбаева атасы бүгүн, 24-май күнү саат 12:00дө дем ала албай жатып каза болгонун айтат.

"Атам биринчи коронавирусту жуктуруп алды. Андан кийин №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштеген апама жукту. Атам алгач ооруп калгандан кийин антибиотик ичип жатты. Кечээ, 23-майда атама ПЦР-анализ жасаганда таза чыкты. Бул вирус боор, бөйрөктүн баарына ууландыргандан кийин, адам коронавирус илдетинен айыкканы менен аталган органдар жабыркаган бойдон калат экен. Атам өзү дем ала албай калды. Бүгүн, 24-майда саат 05:00дө кан басымы көтөрүлүп, өйдө-ылдый боло берди. Ал эми саат 12:00дө дем ала албай жатып кайтыш болуп калды.

Ал эми апамдын ооруканадан чыкканына 3 күн болду. Эми ал дагы үйдө 14 күн карантинде жатышы керек. Эми азыр ага оор болуп турат, ошого кайра кан басымы көтөрүлүүдө", - деди Чолпонбаева.

Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кийинчерээк бейтапты дарылоо оор өтүп жатканы тууралуу айтылган.

Көп өтпөй Мукар Чолпонбаевдин жубайы да коронавирус жуктуруп алганы маалым болуп, анын Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштегени айтылган.

Ал эми кечээ, 23-майда Мукар Чолпонбаев коронавирустан айыкканын анын кызы Нуриля Чолпонбаева социалдык баракчасына жазып чыккан.

"Атамда эми коронавирус жок. Биз илдеттин кесепеттери менен күрөшүп жатабыз. Абалы орто, жасалма дем алдыруучу аппарат аркылуу дем алууда. Тамактанып калды. Жакшы болуп баратат. Эми убакыт гана керек", - деген ал атасы тууралуу билдирүүсүндө.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
24.05.2020. 21:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
312
Катталган:
22-01-2020
Соӊку аракети:
07-07-2020 00:52
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эң кыйналып өлүү дем ала албай өлүү деп ойлойм. Жаткан жайы жаннаттан болсун. Аллах өз рахматына алсын
24.05.2020. 22:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
03-11-2019
Соӊку аракети:
07-07-2020 14:52
Жынысы:
Белгисиз
-7
Тенирим элибизге ден соолук берсин. Жаткан жери жайлуу болсун.
24.05.2020. 23:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
08-12-2019
Соӊку аракети:
07-07-2020 12:17
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
Кудайым сурагын женил кылган болсун жана бейиштен орун насип кылган болсун.
Дем ала албай калуу ото оор.
25.05.2020. 08:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1240
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
07-07-2020 17:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун.
25.05.2020. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
883
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
07-07-2020 15:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам айткан Алладан жакшы өлүм тилегиле деп. Жылдап бирөөнүн көзүн карап кыйналып өлгөндөн кудай сактасын.
25.05.2020. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
15-01-2016
Соӊку аракети:
07-07-2020 12:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы Жаннатта болсун.
25.05.2020. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
26-04-2016
Соӊку аракети:
07-07-2020 15:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Айтфаа..аайм)))
+3
Жайы жаннаттан болсун.Акыркы сапарга узатуу аземи жок эле жерге бериш керек.Жакындары түшүнүү менен кабыл алып.Вирусту жок,жалган дегендер окуп жатты болду бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
146894;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: