super.kg logo

"Бизге факты керек". Окурмандын "Таласта блокпостто кезек күткүсү келбегендер 500-1000 сом берип өтүп кетишет" деген билдирүүсүнө өкүлчүлүктүн жообу

 

Буга чейин SUPER.KG порталы Таластын Талды-Булак айылындагы, тагыраагы облуска кире бериштеги блокпостто түзүлгөн узун кезек тууралуу жазган. Андан кийин окурмандар порталга кайрылышып, блокпостто андан да башка маселелер бар экенин билдиришти.

"Өтө зарыл жумуштары менен шашылыш кетип бара жаткандар бар. Айрымдар жөн эле бир нече сааттык кезекти күткүсү келбейт. Бул учурда блокпосттогуларга акча берип өтүп кетүү ою көбүнө келет жана мындай көрүнүштөр болуп жатат. Жакын тууганым менен чогуу кезек күтүп калдык, алар миң сом берип кезек күтпөй өтүп кетишти. Бирок баарынан эле ала беришпейт, ишенимдүү, кийин муну жарыялап жибербей турган адамдардан алышат. Кезектин элге тийгизген дагы бир кесепети ушул болуп жатат", - деди окурмандын бири.

Бул боюнча облустук өкүлчүлүккө кайрылганыбызда, эл арасында ар кандай кеп чыга бере тургандыгын айтышып, мындай билдирүүлөрдү далилдеген фактылар керек экендигин кошумчалашты.

"Ооба, карантин жарыялангандан бери эле Таласта оору аныкталбай, таза турганынан тартып да бул сыяктуу кептер айтылып эле келе жатат. Эл болгондон кийин ар кандай сөздөр айтыла берет экен, анын баарын териштирип отуруу мүмкүн эмес. Бизге ошондой кеп сөздү айткандар "мына, кызматкер акча алды" деген далил, факты, видео менен кайрылышса иш-аракеттерди көрөбүз. Далил жок эле куру сөздүн ар бирине реакция кылууга болбойт. Буга чейин ОИИБдеги милиция кызматкерин жаманатты кылабыз деп аракет кылышты, барып териштирдик, анын туура эмес иштери далилденген жок. Бирок биз кызматкерлер менен бул жаатта туура иштөө тууралуу байма-бай сүйлөшүп турабыз", - дешти Талас облустук администрациясынын маалымат кызматынан.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.05.2020. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
30-11-2020 00:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ куч тузумдоруно кошумча акыны качан толоп берет экен билип бериниздерчи. Каринтин учурунда посто иштегендерге
23.05.2020. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1334
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
24-11-2020 21:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой боорум ай,факты дайте дейтко бул жак дагы
23.05.2020. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1334
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
24-11-2020 21:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Экимин алат дешип аткан. Откондо Интернет сайтта жургон,озум кыйналып Аран келеатсам акча жокто,эки мин алышты деп. Аны дагы колдон колго албай,бир бекиткен жерине салат экенсин деп
23.05.2020. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
725
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
30-11-2020 00:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер факт керек деп оозунарды араандай ачып отура бергиле. Алып эле атышат 200 400 800 мен оз козум мн кордум акча берсе текшербей эле откоруп атышат. Азыр баардык нерсени акча чечип калган. Жолдор жабык деп коюшуп эле акчаны лыпылдатып алып жолду ушундай ачып берип текшербей откоруп атышат. Минтип отурсак 2 жылда да ооруну жене албайбыз.
23.05.2020. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
725
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
30-11-2020 00:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жоктооор уялбай дагы факт керек деп коёт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156034;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: