реклама
super.kg logo

Таласка кире бериште дене табын өлчөтүү үчүн гана жарандар төрт сааттан кезек күтүп жатышат (фото, видео)

 

Сааттын жебеси 22:30дан өтсө да Талас облусуна кире бериштеги көзөмөл-өткөрүү постунда кезек күткөндөрдүн саны арбын. Көбүнүн маанайы ушул блокпостко келгенде түшкөнүн SUPER.KG порталына 4 сааттап кезекте тургандар айтып беришти. Алар Бишкектен Таласка төрт сааттык жол болсо, жөн эле дене тапты өлчөтүү үчүн дагы төрт саат күтүүгө туура келип жатканын, калкты тейлөөдө такыр шарттар каралбаганын билдиришти. Айтымдарында, экспресс-тесттер айрымдардан гана алынат.

Кезекте тургандардын бири Калыбек Товкеев 70 жашта, Таластын тургуну. Ал Бишкекте жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканага көрүнүп, кайра Талас облусуна келе жаткан.

"Таласка кире бериш постто анализ тапшыргыла дешти, мында жүздөй киши кезек күтүп турат. 4 сааттан бери тургандар толтура, эч кандай санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталган жок. Ошончо киши кезекте турса, кайдан аралык сакталмак эле. Кезек күткөндөр жыш тургандыктан, анализ тапшырып чыккандар өтө албай балкондогу тосмодон секирип түшүүгө аргасыз болуп жатат, жыгылып, бир жери сынса эмне болот?

Мен биринчи жолу өтүп жатам, карантиндик постту буга чейин телевизордон көрүп, баары жогорку деңгээлде деп айтылгандарды эле укчумун да. Мына өзүңүз көрүңүз, операция жасатып келе жаткандар, баласы менен турган келиндер бар, ыйлап жатышат. Оору жайылууга шарт түзгөн жагдай болуп жатпайбы, топтолгондордун арасында оорунун очогунан келгендер да бар, тыгылышып турабыз. Бул жердеги мүчүлүштүктүн баарын эске алып, уюштуруу иштери жүргүзүлүшү керек болчу", - дейт Товкеев.

Кезек күткөндөрдүн арасында Бишкек шаарынын тургуну баласы менен 3-4 сааттан бери кезек күтүп турганын айтып, нааразычылыгын билдирди. Ал бизден жүзүн жашырып коюуну өтүндү.

"Мен Таласка туугандарыма бара жатам, толук төрт саат кезек күттүм. Ортодо бир саат ооз ачаар болуп калды деп ушунча кишини көзгө илбей эшигин жаап алышып, кабыл алышкан жок. Мен бул боюнча бардык жерге арызданам. 6 айлык балам мененмин, жанымда мындан башка дагы 2 балам бар. Балдар менен төрт саат кезек күтүү оңой эмес, балдарым үшүп, кыйналып кетишти. Ичине кирсең компьютердин тамгасын таппай, араң иштеп жаткандар отурат", - деди ал.

Тургундар блокпостто иштегендердин ооз ачаар деп бир саатка кабыл алууну такыр токтотуп койгонун туура эмес деп билишет. Бул учурду облустук штаб уюштуруп берип, кезектешип кабыл алуу жүргүзүлүшү керек деген ойду айткандар көп. Кезеги жетип, бөлмөлөргө кирип, чыккандар жөн гана дене табын текшеришкенин айтышып, ошол үчүн сансыз кезекти түзүп алышканына кыжыры келип, жолун улап жатышты.

Биз кызматкерлерге кирип, адамдардан экспресс-тесттер алынып жатабы же дене табын өлчөтүү үчүн бир нече сааттап кезек күтүшөбү деген суроону бердик.

"Тесттин аз болгондугуна байланыштуу айрымдардан эле тест алынып жатат. Такси кызматында жүргөндөрдөн, эл менен көп байланышта болуп жаткандардан ПЦР анализ алуудабыз. Калгандарынын дене табын өлчөп жөнөтөбүз. Өзүңүз көрүп атасыз, тынган жокпуз. Эгерде адамдын дене табы жогору болуп калса, фельдшерлер аны обсервацияга алып кетет", - деди дарыгердин жардамчысы Роза Рыспекова.

Мен саат 20:30да ушул постко келгем. 3 жарым сааттан кийин кезегим жетип, дене табымды өлчөтүп чыктым. Буга чейин Ысык-Көл облусуна кирерде тепловизор менен дене тапты өлчөө унаадан түшүрбөй туруп жүргүзүлгөн. Бул ыкма жолоочу үчүн да, фельдшер үчүн да ыңгайлуу, башкысы коопсуз. Ал эми дене тапты өлчөө үчүн гана ондогон адамдардын кезегин түзүүнүн өзүндө чоң кооптонуу турат.

Убакыт короткондон тышкары дагы бир жагдай, Талды-Булак айылы тоонун түбүндөгү суук жер экенин таластыктар жана Таласка келгендер жакшы билет. Баары эле бир нече саат шамалда турууга даяр да, туруктуу дагы эмес. Биз азыр блокпостто иштеп жаткандарды күнөөлөөдөн алыспыз, алар айтылган систем менен иш алып барып жатканы ачык эле көрүнүп турат. Болгону облустук штабдын мындагы көрүнүштөн кабары барбы деген суроо жаралды. Кабары болсо кантип кол шилтеп койду деген кош суроо менен жолумду уладым.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
22.05.2020. 23:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
28-02-2019
Соӊку аракети:
29-10-2020 23:38
Жынысы:
Белгисиз
+4
Күткүлө эч нерсе эмес серьёзный оору жүрүп жатат. Таласка кирип ал жака да жугузгула, өзүбүздү эле ойлобой башкаларды да ойлойлу.
23.05.2020. 01:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
18-07-2020 08:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кызыл кыя шаары
+8
Ал постордун мааниси деле жок ал жерде. Адамдар аралашып эле журушот текшеруудон чыккандар менен тешериле турган адамдар. Компьтерде турган эжелер пенсионерлер клавишаны тамгалып издеп зорго табышат. Кыскасы элди эле кыйнап жатышат. Мамлекеттин башында тургандар министр здравоохранения карап койсо болмок. Кереги жокпу алып салыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
154020;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: